Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:42

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Депутат Айсулуу Мамашева: Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери кайрылды. Алар өзүнчө обсервация түзүп берүүнү суранып жатышат. Үч кызматкери ооруп калды. Министрликте баары тыгыз иштейт эмеспи. Алар үй-бүлөсү үчүн кооптонуп жатат. Дагы бир маселе. Карантин киргизилгенден бери гемодиализ алган 15 адам каза тапты. Болжол менен 150 адам кезекте турат. Бирок доллардын курсу өсүп жатат. Гемодиализ кызматтарын көрсөткөндөр реагенттерди, каражаттарды чет өлкөдөн алып келишет. Ушуларга кошумча каражат карап бересиңерби?

Депутат Кежебек Бокоев: Кечээ үшүк жүрдү. Чүй, Ош, Баткен облустарында өрүктү, кайналыны, гилязды үшүк алып кетти деп багбандар чырылдап жатышат. Коронавирус деп жүрүп ушундай маселелерди унутуп калабызбы?

Депутат Зиядин Жамалдинов: Бизде Илим академиясы бар, окумуштуулар бар. Коронавирус боюнча алардан маалымат аз болуп жатат. Бизде биологдорду даярдаган тогуз окуу жайы бар экен. Алар телевидение аркылуу маалымат берсе болот эле. Эч кандай маалымат жок.

Депутат Мирлан Жээнчоров: Өзгөчө абалды узартып жатабыз. Ошол себептен премьер-министр жыйынга келип, өзү айтышы керек, элди кантип камсыз кылат? Бул жерге келип, суроолорго жооп бериши керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG