Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:46

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Депутат Канатбек Исаев: Сокулуктан, Чүйдүн башка аймактарынан Бишкекке келип дарылангандар, гемодиализ алгандар, кош бойлуулар бар. Алар посттордон өтө албай жатышат. Бул маселени беш күндөн бери чечпей жатасыңар.

Депутат Махабат Мавлянова: Милиция акыркы үч күндөн бери эки видео чыгарды. Коменданттык саатты бузгандарды видеого тартып чыгарууда. Албетте, милициянын ушул күндөрү жасап жаткан ишин баалайм. Бирок бир кызды 4-5 милиция кызматкери тегеректеп алып, анын нервин козгоп, ар нерсени айттырып, видеого жаздырып алыптыр. Ошол милиция кызматкерлерине чара көргүлө.

Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев: Карантиндин талаптарын сактоо жана коменданттык саат убагында тартип бузууга жол бербөө максатында катуу чаралар көрүлөт. Өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бардык эскертүү иш-чаралары мурунку калыбында улана берет. Шаардын чет жакасына чейин көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүрө берет.

Депутат Рыскелди Момбеков: 200 миң сом деген не деген акча? Согуш убагында куралсыз душманга салып берген батальондой кылып эле силер врачтарды эч кандай куралсыз алдыга салып койдуңар. Эми оору жуктуруп алгандарын текшерип, комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Дарыгерлердин нааразычылыгы ушундан пайда болот, аларды кайра ыйлатып, кечирим сураттыңар. Токтоткула мындайды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG