Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:39

Түркияда 45 миңдей адам түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркия коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында түрмөлөрдөн 45 миңдей адамды бошоткону жатат.

Өлкөнүн парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык, мунапыска илингендердин ишин майга чейин сот карайт. Бирок террорчулук үчүн камалгандар бул мыйзамга ылайык эркиндикке чыкпайт.

Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлдүн айтымында, түрмөдөгүлөрдүн арасынан 17 кишиден коронавирус табылган. Алардын үчөө көз жумду. Ошондой эле Жаза аткаруу кызматында иштеген 79 киши COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду.

Түркияда ооругандардын саны 70 миңге миңге жакындады.

XS
SM
MD
LG