Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Юстиция министрлиги элдик демилге катары берилген эки сунушту каттоодон баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министрлиги элдик демилге катары көтөрүлүп чыккан эки сунушту каттоодон баш тартты. Бул тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта «Люстрация» демилге тобу жана анын «Люстрация жана коррупциянын алдын алуу жөнүндө» мыйзам долбоору каттоого алынбаганы айтылат.

Ошондой эле министрлик «1 округ – 1 депутат» демилге тобунун Конституцияны өзгөртүш үчүн референдум өткөрүүгө жана президент менен парламент депутаттарын шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун да каттоодон баш тартканы белгилүү болду.

Эки сунуш тең Юстиция министрлигине быйыл март айында жөнөтүлгөн. Эреже боюнча аларга бир ай ичинде жооп берилиши керек.

Министрлик белгилегендей, «Элдик мыйзам чыгаруу демилгеси жөнүндө» мыйзам боюнча мындай сунуштар түшкөндө эрежеге канчалык туура келери жана демилге тобунун өз документтери текшерилет. Ошондой эле бул мыйзамда «өзгөчө абал учурунда элдик демилгени жүзөгө ашырууга жол берилбейт» деген талап бар.

2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик ыңкылаптардан кийин Кыргызстанда мамлекеттик башкарууну люстрация жолу менен тазалоо боюнча демилге көтөрүлгөн. Бирок мындай коомдук демилге колдоо тапкан эмес.

«Азаттыктын» жогоруда аталган топтордун өкүлдөрүнөн маалымат алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Интернеттеги ачык маалыматтарга караганда, 2018-жылы өлкөнүн акыйкатчысы «Люстрация» кыймылы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Анда кыймылдын жетекчиси Лира Усубалиева Кыргызстанда коррупция күч алганын, бул көрүнүш коомдун туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын айткан.

2019-жылдын сентябрь айында Лира Усубалиева Кыргызстандагы бир катар саясий партиялар, коомдук уюмдар жана кыймылдар «Доор чакырыгы» аттуу коомдук уюмга бириккенин билдирген.

Быйыл Кыргызстанда ири эки саясий өнөктүк пландалган. Беш шаардык, 25 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо 12-апрелде болмок, бирок коронавируска байланыштуу убактылуу токтотулган. Ал эми парламенттик кезектеги шайлоо 4-октябрга пландалган.

Кыргызстандын казынасы коррупциялык кылмыштардын айынан миллиарддаган өлчөмдө зыян тартат. Бирок айрым талдоочулар чуулгандуу бир-эки ишти эске албаганда, башка фактылар тууралуу маалымат ачык эмес экенин айтышат. (RK)

XS
SM
MD
LG