Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Жемкорлук: Шадиев, Муйбиллаев, «Белизгейт»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын казынасы жыл башынан бери эле коррупциялык мүнөздөгү кылмыштардын айынан алты миллиард сомго чукул зыян тарткан.

Башкы прокуратура берген маалыматка караганда, кызматтык жана коррупциялык мүнөздөгү 688 кылмыш иши козголгон. Бирок айрым талдоочулар чуулгандуу бир-эки ишти эске албаганда, башка фактылар тууралуу ачык маалымат жок деп эсептешет.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул жылдын биринчи кварталында кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча бирдиктүү реестрге катталган 688 иштин басымдуу бөлүгү «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесине (497-берене) туура келет.

Кийинки орунда «Кызматтык жасалмалоо» (56-берене), «Опузалап пара талап кылуу» (53-берене), «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу» (32-берене) жана «Ишенип берилген мүлктү уурдоо» (20-берене) беренелери турат. Мындан сырткары аткезчилик, мыйзамсыз баюу фактысы үчүн да айыпталгандар бар. «Коррупция» беренеси боюнча алты гана факт катталган.

Бакытбек Сыдыгалиев.
Бакытбек Сыдыгалиев.

Башкы көзөмөл органынын өкүлү Бакытбек Сыдыгалиев басма сөз жыйынында 2019-жылдын биринчи кварталында коррупция келтирген зыяндын суммасы 5 млрд. 981 млн. 843 миң сом болгонун билдирди:

«2018-жылы мамлекет коррупциядан тарткан зыяндын суммасы 3 млрд. 489 млн. 515 миң сомду түзгөн, анын ордун толтуруу 183 млн. 809 миң сомду түзгөн. Ал эми 2019-жылдын биринчи кварталында коррупциядан тарткан зыяндын суммасы 5 млрд. 981 млн. 843 миң сом болгон. Анын ичинен тергөөнүн жүрүшүндө бюджетке 43 млн. 784 миң 800 сом кайтарылган. Калган маалыматтар боюнча тергөө жүрүп жатат».

Сыдыгалиев коомчулукта резонанс жараткан Бишкек ЖЭБиндеги, Улуттук тарых музейиндеги жана Ысык-Көлдөгү ипподромду оңдоп-түзөөдөгү коррупцияны иликтеген иштер сотко өткөнүн билдирип, калган фактылар боюнча сандардан башка маалымат берген жок.

АКШга качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевди издөө жана Кыргызстанга алып келүү аракети, 2010-жылы өлкөдөн качып кеткен президент Курманбек Бакиевдин жакындары чыгарып кеткен каражатты кайтаруу, «Белизгейт» боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу «Азаттыктын» суроолору жоопсуз калды.

Жакында 18 жаштагы кызды зордуктоого байланыштуу аты чыккан Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Акимжан Муйбиллаев боюнча да прокуратуранын өкүлү маалымат берген экен.

Муйбиллаев Финансы полициясынын жетекчиси болуп 2007-2010-жылы апрель окуясына чейин иштеген. 2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн тушундагы Коопсуздукту жана тартиптүүлүктү камсыздоо боюнча комиссия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аны менен санаалаш мурдагы кызматкерлерге издөө жарыялаган. Алардын катарында Акимжан Муйбиллаев да бар болчу.

«Бул боюнча менде маалымат болбошу мүмкүн. Кагаз жүзүндө жооп берели», - деди Сыдыгалиев.

Айрым талдоочулар кызматтык кылмыштарды коррупцияга байлап, жасалма отчет берүүнүн өзүн коомчулукту адаштыруу катары сындап жатышат.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев коомчулукта резонанс жараткан бирин-экин иштер боюнча гана маалымат айтылбаса, калгандары тууралуу айтылбай жатканын белгилейт. Анын баамында, жемкорлук үчүн айыпталып абакта отургандардын «күрөш тандалма болуп жатат» дегенинин да жөнү бар.

«Элдин арасында аты айтылып жүргөн, коррупция үчүн шек саналган белгилүү адамдар боюнча так маалыматтар жок болуп жатпайбы, - деп жүйө келтирди ал. - Былтыр ачылган чуулгандуу чоң окуялар бар, Бишкек ЖЭБи, музей, ипподром боюнча. Акыркы убакта андан башка деле көрүнүктүү иш болбогондой болуп калды. Күч органдары «толугу менен аягына чыгарганга укугубуз жетпей атат, башка болуп жатат» деп айтышат. Ошондуктан күрөш системалуу болушу зарыл. Ушул багытта бир аз жетишпей жатышкандай. Анан эл арасында күбүр-шыбырлар көбөйө баштады».

Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү Бакыт Жетигенов мурдагы жылдарга салыштырмалуу күрөш күчөдү дегенге ишенет.

«Коррупция менен күрөш жүрүп жатат, - деди ал. - Тандалма, тандалма эмес экенин убакыт көрсөтөт. Ар бир бийликтин тушунда эле ушундай сөздөр боло берет. Тиешелүү органдар иштеп жатат».

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова жемкорлукка каршы күрөш ачык болмоюн эл ишенбей турганын эскертти. Анын пикиринде, кайсы аткаминерге иш козголгону, андан мамлекет канча зыян тартканы жана ким ошол зыянды төлөп бергени ачык булактарда көрүнүп турушу керек. Эң негизгиси - күрөштүн баары жөн гана отчет үчүн болуп калбашы зарыл.

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Сандарды айткан менен кайсы аткаминер мамлекетке канча зыян алып келгенин жана төлөгөнүн айтыш керек, - деди ал. - Балким ал орто катмардагы эле кызматкер, мүмкүн айыл өкмөтү, чоң кызматта отурган аткаминер эмес, мындай эле илинип калган кишилер болушу мүмкүн. Ошонун баарын айтмайынча жумушту кантип бааласа болот? Эң негизгиси - ким төлөп атат, 5 млрд. сом чыгым кимден келди? Ошону ачыкка чыгарышса жакшы болмок. «Коррупция боюнча» деп эле бул абдан ыңгайлуу болуп калды. Электрондук паспорт бюонча деле кылмыш ишин козгошподубу. Анын деле далили жок. Тескерисинче, азыр жемкорлук тууралуу эл көп айтып жатат».

Журналисттик иликтөөлөр фондунун төрагасы Айбек Турдалиев коррупция менен күрөшүү комплекстүү жүрүшү зарыл деген пикирде. Анткен менен ал үч айдан бери «Раим миллион» деген ат менен белгилүү Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн тактоо кечеңдеши күдүк ойлорду жаратып жатканын айтты:

Айбек Турдалиев.
Айбек Турдалиев.

«Үч айдан бери Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө албай жатышат. Бул да күмөн ойлорду жаратат экен. Коррупция менен күрөшүп эле тим болбостон, анын алдын алуу да керек. «Эмнеге мугалимдер, дарыгерлер ушул ишке барып жатат?» деген суроо жаралышы керек. Экинчиден, бир нече журналисттик иликтөөлөр коомчулукка тарап, резонанс жаралган күндө да күч органдары тарабынан эч реакция болгон жок. Ошондо да президент убада берген күрөш уланып жатабы-жокпу деген ой пайда болот экен».

Былтыр Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдардын баарын катуу сындаган. Мамлекет башчы укук коргоо жана көзөмөл органдары, соттор өздөрү паракорчулукка батып калганын айткан.

Прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр жалпысынан 960тай кылмыш иши козголгон. Анда деле «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Жер мыйзамдарын бузуу», «Опузалап пара талап кылуу» беренелери боюнча айыпталгандар басымдуулук кылган. Күрөштүү күчөтүү аракетине карабай кылмышка аралашкандардын аягы суюла элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG