Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Мурдагы аткаминер зордуктоого шектелүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси Акимжан Муйбиллаев 18 жаштагы кызды зордуктаганын жабырлануучунун адвокаты айтып чыкты. Экинчи тараптын жактоочулары муну акча өндүргүсү келген топтун аракети катары мүнөздөдү.

«Таламандын так түшүндө зордуктаган»

Адвокат Минавар Мамбетованын айтымында, 18 жаштагы Айбийке (аты өзгөртүлдү) 3-майда, таламандын так түшүндө зордукталган.

«3-май күнү, күндүз зордуктаган, - дейт адвокат. - Ага чейин бир нече жолу Айбийкеге телефон чалып, «менин мейманканамда иштейсиң» деген экен. Мейманкананы да көрсөтүп бериптир. 1-2-май күндөрү «иш боюнча» деп жолугууну сунуш кылыптыр. 3-май күнү күндүз кыз ал чакырган мейманканага барган. Эшикти Муйбиллаев өзү ачыптыр, кыздын айтымында башка эч ким болгон эмес. Ошол жерден кызды зордуктап койгон».

Кыз ошол эле күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Тергөөчү ошол эле күнү соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындап, анда кыздын зордукталганы аныкталган.

Адвокат Минавар Мамбетованын маалыматы боюнча тергөөчү 17-майда адвокатты экспертизанын корутундусу менен тааныштырган, бирок ошол боюнча иш ордунан жылган эмес. Кийинчерээк ишти Ленин РИИБнен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы алып кеткени маалым болгон.

«17-май күнү биз милицияга кызды зордуктаган киши Финполдун мурдагы башчысы Акимжан Муйбиллаев экенин айттык, - дейт ал. - Ал бизге шектүү менен бетме-бет суракка чакырууга убада берип, бирок жок болуп кетти. Үч күн күтүп, аягында чалсак, ишти Бишкек ШИИБне алып кетишкенин айтышты. Мен шаардык ички иштер башкармалыгына барып: «Эмнеге сиздер алып кеттиңиздер?» деп сурасам, алар бул ишке дагы бирөө аралашканын айтышты. Бул Муйбиллаевдин оюнан чыгарылган нерсе. Эч кандай эч ким аралашкан эмес».

Арыздын артында акча көздөгөндөр барбы?

Муйбиллаевдин адвокаттары кыз зордуктоо тууралуу маалымат ушак экенин билдиришүүдө. Адвокат Давран Касымов 27-майда басма сөз жыйынын өткөрүп, бул айыптоонун артында Муйбиллаевден акча өндүргүсү келген атайын бир топ турганын билдирди:

«“Опузалап акча талап кылуу” беренеси боюнча иш козголушун талап кылып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылдык. Кыздын адвокаттарынын «Муйбиллаев бул ишти жаап-жашырыш үчүн акча сунуш кылган» деген маалыматы карандай калп. Муйбиллаев бул топко акча бербей койгондон кийин алар муну коомчулукка жарыялап жиберишти. Азыр айрым бир топтор сойку кыздарды колдонуу менен акчалуу адамдардан акча талап кылууга өтүштү».

Давран Касымов «Акимжан Муйбиллаевден акча талап кылгандардын бири» деп мурда анын кол алдында иштеген Каныбек Туратов аттуу адамдын атын атады. Адвокаттын айтымында, ал 500 миң доллар талап кылган. Адвокат «зордукталдым» деген кыздын апасы да ушул топто бар экенин, кыз мурдатан эле Муйбиллаевге караштуу мейманканада бильярд ойнотулган жерде иштеп жүргөнүн кабарлады.

«Мен акча дооласам Муйбиллаев мени акча менен карматмак»

Каныбек Туратов болсо өзү тууралуу кептер жалаа экенин айтууда. Ал «опузалап акча талап кылды» деген айыптоо боюнча Муйбиллаевдин өзүн да сотко берүүгө даярданып жатканын билдирди.

Туратов Муйбиллаевдин колунда 2006-жылдан 2010-жылга чейин иштеп, жеке менчик үйүн, Жалдагы мейманканасын, кафесин куруп бергенин, бирок Муйбиллаев акча төлөбөй койгонун, кийинчерээк Бишкектен жер тилкесин алып берип, апрель окуяларынан кийин кайра күч менен тартып алганын айтты:

«Мага бандиттерди жиберди. Алар мени уурдап кетип, тоого алып чыгып сабап, «Кызыл китепти» алып кетишкен. Күчтөп, нотариустан башкага каттатышкан. Мени уурдаган бандиттер Муйбиллаев буюртма бергенин ачык эле айтышкан. Мен ушул иш боюнча 2016-жылы Башкы прокуратурага кайрылып, Акимжан Муйбиллаевден менден тартып алган жер тилкемди жана 70 миң доллар акчамды алып беришин сурангам. Бирок иш жылган жок, анткени ал экс-президенттин айланасындагы адамдар менен жакшы болчу».

Каныбек Туратов бул маселе чечилбегенде 2018-жылы февралда жаңы келген президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганын, бирок андан деле жылыш болбогонун билдирди:

«“Президент бул ишти өз көзөмөлүнө алды” деп мага кабар берилген, бирок азырынча АКСтен жылыш боло элек. Мына ушул арыздарым үчүн өчөшүп, кечээ майда зордукталган кыздын артында мени турат деп адвокаттарына айттырып жатат. Генерал адам болсо, мен акча талап кылып жатсам, эмнеге менин үстүмдөн арызданып, акчаны алып жаткан жеримен карматпады?»

«Кыз өзү каалаган»

Зордукталды деген Айбийкенин адвокаты Минавар Мамбетованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал 27-майда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында Акимжан Муйбиллаев менен кызды беттештирип, сурак жүргүзгөн. Анда Муйбиллаев жыныстык байланышка барганын моюнга алып, бирок ал кыздын каалоосу менен болгонун айткан.

Адвокаттын айтымында, Акимжан Муйбиллаев өзүнүн үстүнөн арызды алып коюуну өтүнүп, кызга жана анын апасына акча, Бишкектен батир сунуш кылып, максатына жеткен эмес.

Бирок бул маалыматты Муйбиллаевдин адвокаты четке кагып, «ойдон чыгарылган сөз» деп билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Муйбиллаевдин үстүнөн жазылган арыз боюнча козголгон иш Ленин РИИБинен которулганын ырастады. Басма сөз кызматкери Улан Жумаковдун сөзүнө караганда, учурда иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Акимжан Муйбиллаев 2007-жылы күзүндө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси болуп дайындалып, 2010-жылкы апрель окуясына чейин иштеген. 2010-жылдын май айында Убактылуу өкмөттүн тушундагы Коопсуздукту жана тартиптүүлүктү камсыздоо боюнча комиссия мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аны менен санаалаш мурдагы кызматкерлерге издөө жарыялаган. Алардын катарында Акимжан Муйбиллаев да бар болчу.

Чет өлкөгө из жашырып кеткен Муйбиллаев Кыргызстанга качан жана кандай жагдайда кайтып келгени белгисиз. Андан бери ал Бишкекте «Royal construction» аттуу куруучу компанияга өнөктөшүп, көп кабаттуу үй салуу менен алектенип жатканы коомчулукта айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG