Линктер

бейшемби, 21-февраль, 2019 Бишкек убактысы 19:38

"Таксиге түшүп кордук көрдүм..."


Иллюстрациялык сүрөт.

Беш жаштагы баласынын көзүнчө зордукталган келин башынан өткөн окуясын "Азаттыкка" айтып берүүгө макул болду.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда зордуктоого кабылган кыз-келиндердин көбү укук коргоо органдарына кайрылбайт.

Кайрылгандар болгон күндө да иш сотко жетип, адилеттүү чечим чыккандары саналуу. Зордукчул айдоочу сегиз жылга абакка кесилгени менен ошол окуя калтырган так эне менен баланын жүрөгүнөн кете элек.

Балыкчыга конокко барып, баласынан көзүнчө таксист зордуктаган келин ымандай сырын төгүп, окуяны айтып берүүгө макул болду. Белгилүү себептерден улам каарманыбыздын атын Марина деп өзгөрттүк. Окуя мындан үч жыл мурда болуп, таксист сегиз жылга абакка кесилген.

- Мен таксини токтотуп, бара турган даректи айттым. Жол кире 100 сом болот деди, биз макул болдук. Көлгө түшкөнү барганда ал жерге жөө 20 мүнөттө жетчүбүз. Таксисттен жай айдап бараткан себебин сураганымда ал жол оңдолуп жатканын, айланып бара турганын айтты. Бирок айылдардан өтүп баратканыбызды байкагандан кийин дагы сурасам, машинаны катуураак айдап, "оозуңду жап" дегендей жооп берип, экскурсияга алып бара турганын билдирди. Мен ал киши соо эмес экенин, бизди такыр башка жакка алып кетип жатканын сездим. Балам үчүн, өзүм үчүн да корко баштадым. Анан сөгүнүп-сагынып, балит сөздөрдү сүйлөй баштады. Баланы зордуктайм деп коркутту. Анан мени машинадан сүйрөп чыкты. Балам машинада калды...

​Марина оор үшкүрүнүп алып окуя кандай уланганын айтып бере баштады. Анын айтымында, таксист "ишин" бүтүргөн соң эне-баланы ээн талаага таштап кетип калган. Жаанга калып, ит тыткан теридей уйпаланган аял баласын жетелеп калктуу конушка жөө-жалаңдап үч саат дегенде араң жеткен.

- Туугандарым келгенде тикенекке жатып алгандай үрпөйүп, көзүм көгөрүп жүргөм.

"Ар бир таксиге отурган сайын ошол окуя эске түшүп, балам айдоочу жакшы кишиби деп сурай берет" деген Марина, башынан өткөн каргашаны өз энесине да айта алган эмес.

Эч ким менен сүйлөшкүсү келбей нес болуп калганын, кийин сиңдисинин кеңеши менен таксист терисин жамынган кылмышкерди токтотуу үчүн милицияга арыз жазышканын айтып берди.

Кыргыз коомунда сексуалдык зомбулукка кабылган кыз-келиндер укук коргоо органдарына чанда кайрылат. Марина алгач арыз жазып барганда милиция "сиз бул ишти аягына чейин чыгарасызбы же акча сунуштаса аласызбы", - деп кайра-кайра сураганын белгилеп жатты.

Марина финансылык жагдайдан улам психолог айткан он сеанстын үчөөнү гана алган. "Экинчиден, кылмышкердин күнөөсүн далилдөө оңойго турбады", - дейт.

- Бир жыл мурда соттошту. Ошончо убакыт өтсө да мен бул тууралуу жай отуруп айтып бере албайм. Ал күндү эстегенде түнү менен уктабай, кыжалат болуп чыгам. Балам деле ал окуяны унута элек. Башында аны менен психологдор, милиция сүйлөшүп баарын унутуп койгондой мамиле кылып жүрдүм. Бир жолу такси чакырып калдык. Анан балам "таксист байке жакшы эле кишиби" деп сурады, ошондо унута элек турбайбы деген ой келди.

Укук коргоочулар зордуктоого кабылган кыз-келиндер адатта милицияга кайрылбай турганын, кайрылган күндө да иштин көбү аягына чыкпай, жабылуу аяк жабылуу бойдон каларын белгилешет.

Адвокат Расулжан Исакжанов бул иш боюнча да соттук процесс узакка созулганын белгиледи.

- Бул иш менен адвакатуранын окуу борбору алектенди. Күчтүү юрист, адвокаттар жалданды. Мен жалгыз болгон жокмун. Жабырлануучуга жардам берип, сот адилеттигине жетиш үчүн төрт адвокат иштедик. Биринчи инстанцияда оор кылмыш экенине карабай үч эле жыл берди. Бизге жеткен маалыматтарга караганда таксисттин милицияда тааныштары болгон. Сатып алган. Анткени милицияга келгенде бардык далилдер жок болуп кеткен. Жабырлануучуну коркуткан учурлар болду. Келиндин окуя болгон жерди эстеп калганы кылмышты далилдөөгө жардам берди. Ал жерден тытылган кийимдер табылды, беш жаштагы баласынын көрсөтмөсү алынды.

2016-жылы Ысык-Көлдө жергиликтүү таксист балалуу жүргүнчү аялды зордуктаган деген шек менен кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча соттук териштирүү Тоң райондук сотунда жүргөн. Таксист үч жылга эркинен ажыратылган.

Ушундан кийин социалдык тармактардагы активисттер Тоң райондук сотунун үстүнөн кызматтык текшерүү жүргүзүүнү талап кылып чыгышкан. Алар бул үчүн петицияга кол чогултушкан. Кийин облустук сот таксисттин жазасын катаалдатып, аны сегиз жылга эркинен ажыраткан. Андан сырткары, сот жабырлануучуга 100 миң сомду моралдык зыян катары, 30 миң сомду материалдык чыгымдын ордуна төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кийин зордукчул таксисттин адвокаты Жуматай Абдрахманов Маринанын зордукталганы боюнча далил табылбаганын айтып чыккан. Анын айтымында, сот баланын көрсөтмөсүнүн негизинде гана өкүм чыгарып койгон.

- Далил жок дегенибиз, экспертизанын жыйынтыгы жыныстык катнаш болбогонун көрсөткөн. Жабырлануучунун кийимдери менен ич кийимдеринен, денесинен соттолуучунун антигендери табылган эмес.

Бирок жабырлануучунун адвокаты Расулжан Исакжанов экспертизанын жыйынтыгы туура эмес сакталганы үчүн жараксыз болуп калган деген ойдо:

- Атайылап жасадыбы же билбей калганбы, айтор экспертизадагы биологиялык материалдар туура эмес сактагандыктан жараксыз болуп калган. Бирок Маринанын денесинде канаган, көгөргөн, сыйрылган жерлери болгон. Күнөөсү толук далилденген.

Тилекке каршы Кыргызстанда сот адилеттигин күткөн Маринадай аялдар жок эмес. Былтыр жыл соңунда таксист зордуктоого аракет кылган кызды эки жигит куткарып калган видео Интернетке тараган.

Милиция 49 жаштагы Б.Ч. аттуу жаран кармалганын, жабыркоочу кыздын арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоого аракет кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кийин ошол эле айдоочуну Интернеттен таанып калган эки аял милицияга арыз жазып, зордукчул таксист убактылуу тергөө абагына камалган.

Бул окуя боюнча иш тергелип сотко өттү. Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, 30-январдагы соттук отурумда күбөлөр сурала баштады.

- Бул иш Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна 2018-жылдын 27-декабрында келиптир. Андан бери отурумдар болду, ар кандай себептер менен жылдырылып жатты. Кээде тыныгуу болду. Азыр айыпталуучу абакта. Буга чейин айыпталуучу жана жабыркоочулар дагы суралыптыр, учурда төрт күбө бар экен.

Аялдардын укугун коргоп келген "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова "зордуктоо" беренесин сотто далилдөө кыйын экенин билдирүүдө. Мындай учур алардын иш тажрыйбасында далай жолу кездешкен.

Бүбүсара Рыскулова.
Бүбүсара Рыскулова.

- Баары эле кайрылбайт. Кайрылса дагы ушуну тастыкташ абдан кыйын. Өспүрүм кызды зордуктоо боюнча өзүм сотко катыштым. Тиги тараптын адвокаты "кыз өзү каалаптыр" дейт. Адвокаттар киши өлтүргөн кишини деле жактайт, бирок арыдан бери жактасаңар боло. 35 жаштагы киши мектеп формасы менен келаткан кызды зордуктаган кандай деп ойлойсуз дедим. Мындай окуялардын канчасы үй-бүлөнүн ичинде болгон, канчасы жабык бойдон калган. Же мыйзамдан, же Кудайдан коркпогон адамдар пайда болду. 70теги байбичени зордуктап кетип, биринчи инстанция эки жыл, эки айга созулду. Аны сот алты балалуу экен, спортчу экен деп алты жылга шарттуу кести. Эми ал кайра облустук сотко арызданып жатыптыр.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу фактысы менен 2017-жылы 206 учур катталса, 86 киши ушул үчүн соттолгон. (2013-214-жылдары бул берене боюнча катталган кылмыштын саны 330дан ашкан). Калганы же кыскарган, же тараптар өз ара келишип, макулдашып алган.

Мисалы декабрда Ленин райондук соту кыз ала качуу жана зордуктоо фактысы боюнча ишти карап, өкүм чыгарды. Анда жабырлануучу тараптан кечирим берилип, сот тараптардын макулдугу менен зордуктоо боюнча иш кыскарып кеткен. Айыпталуучу тарап моралдык зыян үчүн жабырлануучуга 400 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Адвокат Расулжан Исакжановдун белгилешинче, ишти создуктуруу менен ошол окуяны унуткаруу же акча алууга көндүрүү аракеттери болушу ыктымал. Ушул себептен да көп иштер сотко жетпей калат.

- Мен өзү жабыркаган тарап дароо тартип коргоо органдарына кайрылганын жактайм. Бирок жогоруда көргөндөй бара-бара кыз акча алышы мүмкүн же кандайдыр бир коркутуулар болушу мүмкүн. Коомчулуктун пикиринен да коркот. Бул ар бирибиздин укугубуз. Ошондуктан ар бер ишке реакция кылыш керек. Мындай фактыларды каттап, чара көрүү зарыл. Мисалы, ошол эле таксист мурда жазага тартылбай калган. Ошондуктан кайра ушундай ишке барган. Ким менен кандай сүйлөшүүнү да билген. Жабырлануучуга машина сунуштаган дагы учур болгон. Кийин анын жакындары коркута баштаган. Мунун баары жазасыз калуудан келип чыгат.


Кыргызстанда аялдар оор кырдаалга туш болуп, зордук-зомбулукка кабылганда кабыл ала турган мамлекеттик кризистик борборлор жок.

Бул ишти Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бейөкмөт уюмдар менен бирге гана аткарып келет. Аялдар, балдар оор кырдаалга туш болгон учурда 111 ыкчам номери (бардык операторлорго акысыз) жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу 112 номерине чалып тийиштүү маалыматтарды сурап алса болот.

Ал кызматта иштеген алты психолог жагдайга карап кеп-кеңеш бергенге аракет кылат. Алардын бири Алтынай Ибраимова бир күндө эң көп дегенде 20дай телефон чалуу болорун, бирок алардын көбү эле зомбулук тууралуу эмес, пенсия, жөлөк пул тууралуу сурашарын айтты. Арасында балдардын же аялдын жагдайы боюнча бир үй-бүлөнү текшерип чыгуу өтүнүчү менен кайрылгандар чанда.

Мурдагы өкмөттүн тушунда басма сөз катчы болуп турган медиа эксперт Гүлнара Төралиева Фейсбуктагы баракчасына кечкисин аэропорттон такси менен келетканда кооптонуу пайда болорун жазып, таксинин коопсуздугу тууралуу маселени көтөргөн.

Бул кооптонуу да жөн жеринен эмес. 2014-жылы Бишкектеги маданий борборлордун биринде ыктыярчы болуп жүргөн швейцариялык кыз аны белгисиз таксист зордуктап кеткенин айтып, милицияга даттанган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG