Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Кызы ыдык көргөн эне чындык издейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте кызы секелек кезинде жыныстык ыдык көргөнүн билген эне аны далилдей албай келатат.

Зомбулукка кабылган өспүрүм кыз психологиялык соккудан улам бир канча жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Апасы 15 жаштагы кызы жазган катты бизге окуп берди. Көкүрөгү кирдеп турган эне аты-жөнүн элге жарыялабоону өтүнүп, “Азаттык” аркылуу тийиштүү органдарга үнүн жеткирүүнү сурады:

-“Мен бул дүйнөгө келбешим керек эле. Сиздер мага көп жакшылык кылдыңар. А менчи?” – деп көп чекит коюлган кат жазыптыр. Калганын окуй албайм... "Тогузунчу кабаттан секирип өлөм" деп аракет кылып жатканда токтотуп калдык. Элестетип атасызбы?

Жакындары анын жандан кечишине жол беришкен эмес. Секелекти жашоодон түңүлткөн окуя 2016-жылдын жай мезгилинде, лагерден кайткан учурда болгон экен. Апасына быйыл апрелде гана айткан:

- Лагерден келатышып, тайпасы менен кинотеатрга барып, кино көрүшүптүр. Кызым колуна шербет төгүп алып, аны жууганы дааратканага кириптир. Кайра чыгып баратканда тарбиячынын жардамчысы болуп жүргөн жигит аны түртүп кайра дааратканага алып кирип, зордуктоого аракет кылыптыр. Ал зөөкүр жаман ниетин бармагы менен ишке ашырганга камынган экен,- дейт эне.

Арман Кыйгырова.
Арман Кыйгырова.

Кыз бул тууралуу айтып бергенден кийин ата-энеси милицияга кайрылып, психолог жана адвокат жалдашкан. Жактоочу Арман Кыйгырова тиешелүү органдардын кайдыгерлигине нааразы болду:

- Кыздын көз жашы да, апасынын көз жашы да Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине таасир эткен жок. Алар маселени иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө убада берип келатат. Бирок бир да күбө суралган жок. Секелекти бойго жеткен жигит зордуктоого аракет кылгандыктан, бул окуя педофилия катары каралып, кылмыш иши ачылышы керек эле.

Зомбулукка кабылганы айтылган кызга соттук-медициналык экспертиза окуя болгондон кийин эки жылдан соң жүргүзүлүп, "зордукталган эмес" деп тыянак чыгарылган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Бакыт Назарбаев эмнеге кылмыш иши козголбой жатканын мындайча түшүндүрдү:

Бакыт Назарбаев.
Бакыт Назарбаев.

- Тараптар суралып, экспертиза өткөрүлдү. Текшерүүлөр зомбулук болгонун далилдеген жок. Ошондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тарттык.

Кыздын туугандары "терең иликтөө жүргүзгөн эмес" деп милицияга нааразы болууда. Алар зомбулук болгон деп ишенишет, бирок тергөөчүлөр кызга жыныстык ыдык көрсөтүүгө аракет кылган адам менен тил табышып алган деп шекшип атышат.

Кыргызстанда кийинки убакта балдарды жана өспүрүмдөрдү зордуктап, зомбулук көрсөткөн окуялар тууралуу тез-тез кабарлар тарай баштады.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2017-жылы жашы жете электерге карата 1101 кылмыш иши катталса, анын 150дөн ашууну жыныстык мүнөздө болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG