Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Таласта кордолду деген келин көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинде жабырлануучу болгон 19 жаштагы келин төрөдү. Ал экинчи топтогу майып болуп саналат.

Эне-баланын саламаттыгы дурус экенине карабастан, алардын барар жери белгисиз болгондуктан, Талас шаарындагы төрөтканада кала берүүдө. Буга чейин кош бойлуу келин майыптар үчүн жатак мектепте, андан кийин Бакай-Ата районундагы майыптар жана карылар үйүндө убактылуу баш калкалап келген.

Талас районунун Кум-Арык айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган жатак-мектепти 2017-жылы аяктаган Кундуз Төрөкулова бир жума мурда көз жарды.

Бул маалыматты Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Кумаркүл Шейшеналиева ырастады:

- Кундуз 28-декабрда саат 15:20да толгоо менен келген. 29-декабрда cаат 13:44тө 3 килограмм 658 грамм салмактагы кыз төрөдү.

Дарыгердин айтымында, жаш эне менен ымыркайдын саламаттыгы канааттандырарлык:

- Өзүңөр көргөндөй, Кундуз ымыркайы менен бир палатада жатат. Эмчек эмизүүнүн бардык ыкмаларын көрсөтүп бергенбиз. Кызын өзү карап, төрөт бөлүмүндө жатат. Төрөт учурунда кан кетүү сыяктуу кооптуу белгилер болгон жок. Бүгүнкү күндөгү абалы жакшы.

Кундуз кызына Айдай деген ысым койгонун айтуу менен чектелип, кенен сүйлөшүүнү каалаган жок.

Төрөткана жетекчилигинин айтымында, эне-баланын төрөтканада болуучу мөөнөтү аяктады. Андан кийин кайда жашап, кимдин кароосунда болоору бүдөмүк.

Бакай-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Каныкей Бошкоева эне-баланы жайгаштыруу боюнча аракеттер болуп жатканын айтты.

- 8-январга чейин төрөт үйүндө болот. Аны туруктуу бир жерге жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бишкекке чалдык. Анан Манас районундагы интернат-үй менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Кундуз төрөгөнгө чейин Бакай-Ата районундагы майыптар жана карылар жашаган социалдык-стационардык мекемеде убактылуу баш калкалап жаткан. Мекеменин жетекчиси Манапбай Казакбаев буларды айтты:

Ымыркайга керектүү буюмдардын баарын өзүбүз алып барып бердик.

- Кундуз бизге 2017-жылдын 8-августунда кош бойлуулугу 19-20 апта болуп келген. Бул жерден биздин дарыгерлер атайын бөлмө бөлүп берип, дайыма көзөмөлдө болду. Төрөгөндө да биздин дарыгерлер тамак алып барып, көрүп жатышат. Ымыркайга керектүү буюмдардын баарын өзүбүз алып барып бердик. Туугандары, апасы - эч кимиси келген жок.

Экинчи топтогу майып Кундуз Төрөкулова Таластын Кара-Буура районунда төрөлгөн. 11 жашынан тартып акыл-эсинен жабыркагандар тарбияланган интернатта жашаган. Мектепти аяктагандан кийин аны алып кетүүгө жакындары келген эмес.

Былтыр августта мектеп жааматы анын беш айлык боюнда бар экенин билип калып, укук коргоо органдарына кайрылган. Натыйжада зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун облустук прокуратура билдирген болчу. Облустук прокуратуранын акыркы маалыматына караганда, учурда кылмыш иши боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Маалыматтарга караганда Кундуздун атасы белгисиз, апасы да майып жана азыр экинчи күйөөсү менен жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG