Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Жосунсуз жоругу үчүн ишсиз калган министрлер


Аида Хажиалич
Аида Хажиалич

Зууракан Каденовага байланыштуу окуя аткаминерлердин этикасы тууралуу маселени көтөрдү. Дүйнөдө ичкилик ичкен, калп айткан же тээ мурдагы кылыктары үчүн жаза алган министрлер кимдер? Акыркыларын тизмектейли.

Ичкиликке жакын жетекчилер

Адегенде постсоветтик өлкөлөрдөн баштайлы. Августта Беларус президенти өкмөт башчыны, анын орун басарларын баш кылып бир топ министрлерди кызматтан кетирди. Жаңыларын дайындап жатып Александр Лукашенко себептердин бирин ачык эле айтты.

Ичип алып жумушка келбей койгон деп мурдагы энергетика министрин атады. Буга чейин башкы энергетик Владимир Потупчикти кетиргени белгилүү. Алкоголдун айынан дагы бир тобу орундарынан кол жууй турганын кыйытты:

- Аракечтикке жол берилбестигин айткым келет. Муну айткандан уялам, бирок мен жакында иштен айдаган жетекчилердин көбү түзүк эле ичип жүрүшкөн. Ким менен ичип, мончого барып же жетелешип жүргөнүңөрдү көзөмөлдөгөн жерим жок. Кыла бергиле. Бирок ыгы менен. Мен муну силер үчүн гана эмес, жакында кызматсыз кала турган ошол аракечтердин аялдары үчүн айтып жатам.

Владимир Потупчик
Владимир Потупчик

Быйыл апрелде Эстониянын мамлекеттик башкаруу министри Яак Ааб атайын маалымат жыйын өткөрүп, ичимдик ичкенден кийин автоунаа айдап жүрүп кармалганын айтты. Ушунун айынан отставкага кетип жатканын билдирди. Элден кечирим сурады.

Эки бокал вино үчүн өз эрки менен токтоосуз кызматтан кеткендердин катарын Швециянын мектеп жана гимназия министри Аида Хаджиалич толуктайт:

- Өмүрүмдөгү эң чоң катаны кетирдим. Кызуу эместигиме толук ынанган соң гана рулга отургам. Ошентсе да көп кишини уятка калтырдым. Өзүмө ушунчалык жиним келип турат. Баса белгилеп кетейин, ичимдик жана автоунаа айдоо – бири-бирине таптакыр төп келбейт. Ушул жазыгымдан улам өкмөттөн кетип жатканымды премьер-министрге айттым. Анткени мени өз жоруктарым үчүн жооп берүүгө тарбиялашкан, - деген министр эки жыл мурда, 29 жашында кызматын тапшырган.

Ушул чечимин "Фейсбукка" жазып, элден кечирим сураганда катардагы шведдер "катасын мойнуна алган эрдик", "чынчыл экенсиң", "сага сыйым артты" деген мазмундагы ондогон комментарийлерди жазышкан.

Мурдагыларды эмес, кайра эле быйылкы отставкаларды санайлы.

Кыңыр иш 10, 15, 36 жылда

Халбе Зейлстра февраль айында Голландиянын тышкы иштер министри кызматынан чегинди.​

Ал 2006-жылы Орусия президенти Владимир Путин менен жолукканы, анда орус президенти “Улуу Орусиянын” курамына Украина, Беларус, Казакстан жана Прибалтика кириши керек деген сөзүн укканы тууралуу айтып келген.

Халбе Зейлстра
Халбе Зейлстра

Он эки жыл мурда жалган айтканын, Путин менен жолугушпаганын, береги сөзүн укпаганын моюнуна алып, арызын жазган. Парламент мунун айынан бүтүндөй өкмөттү кетирип сала жаздады.

2006-жылга чейинки СМС-каттары үчүн Британиянын чакан бизнес боюнча министри Эндрю Гриффитс да кызматын тапшырууга аргасыз болду.​

Майкл Фэллон улгайганда уят болду
Майкл Фэллон улгайганда уят болду

Анын кеминде эки аялга жыныстык мамиле сунуштаган каттарын Sunday Mirror басылмасы ашкерелеген. Андан бир нече ай мурда дагы эки британ аткаминери - премьердин аппарат жетекчиси Дэмиан Грин 10 жыл мурда компьютеринен порнографиялык видеолор табылганы үчүн, ал эми коргоо министри Майкл Феллон он беш жыл мурда журналистке асылганы үчүн кызматынан айрылышкан.

Талапкер Каванонун артында президент Трамп турат
Талапкер Каванонун артында президент Трамп турат

Ушул тапта АКШ президенти өзү кубаттап, сунуштаган Бретт Кавано Жогорку Соттун судьялыгына өтүшү арсар болуп турат. Эки аял аны зордуктоо аракетине айыптап чыгышты.

Эң биринчи болуп ооз ачкан Кристин Блейси Форд 36 жыл мурда, достордун кечесинде Кавано аны бир бөлмөгө алып кирип зордуктоого аракет кылганын айтууда. Талапкер Кавано мунун баарын четке кагып, жаманатты кылуу далалаты деп жатат. Экөө Сенатка чакырылды, 27-сентябрда мыйзамгерлер жүйөлөрүн угушат. Атургай Демократиялык партиянын сенаторлору маселени ФБР иликтеши керек деп жатышат.

Жогоруда саналган жетекчилер демейде өз командасын, партиясын уятка калтырбоо аргасында, тырышып отура берип абийири такыр төгүлүп кала электе, саясий маданияттан улам, эң негизгиси жарандык коомдун, элдин күчүнөн улам кызматын тапшырууга аргасыз болушат. Мындай окуядан кийин саясатка кайтып келгендери өтө сейрек.

Ал эми Кыргызстандачы?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG