Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:02

Нарындын коменданты дааватты чектөө сунушталганын билдирди


Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу.
Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу.

19-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып, «Мындан кийин дааватка чектөө болобу?» деген суроого мындай жооп берди:

«Дааватчылыкка чектөө боюнча сунуш киргизип жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү боюнча сунуш бар. Аны кийинчерээк айтабыз».

Милиция буга чейин Нарында Пакистандан дааваттан келген жергиликтүү тургун тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабагандыктан, кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул адам Нарында коронавирус илдети табылган алгачкы бейтап катары катталган. Кийинчерээк Пакистанга дааватка барып келген тургун бир күндө төрт адамга коронавирус жугузганы маалымдалган.

19-апрелдеги маалымат боюнча Нарын облусунда 67 кишиден коронавирус табылды. Алардын 51и Ат-Башы районунда. 15-апрелден тартып 30-апрелге чейин Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да өзгөчө абал киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG