Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:21

Өкмөт мамлекет берген насыяларды төлөөнү үч айга жылдырууну сунуш кылды


Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык зонасында. Архивдик сүрөт.
Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» эркин экономикалык зонасында. Архивдик сүрөт.

Өкмөт мамлекеттик программалардын алкагында берилген насыяларды кайтаруунун шартын кайра карап чыгууну сунуш кылды. Мындай чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөт кабарлады. Ал чечимге ылайык, Мамлекеттик ипотекалык компания, өлкөдө катталган коммерциялык банктар жана насыя уюмдары мамлекеттик программанын алкагында берилген насыяларды төлөөнүн шартын карап чыгышы керек.

Чечимдин алкагында төмөнкүдөй сунуштар киргизилди:

  • карызын жоюуда кыйналган ишкерлерге насыяны төлөө мөөнөтүн 3 (үч) айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу;
  • насыялык келишимдер шартын кайрадан кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо жана негизги суммага кошуп эсептебөө;
  • насыяны төлөөнү кечиктирген учурда айыппул же үстөк пайыз эсептебөө.

Мындан сырткары өкмөт Финансы министрлигине Жогорку Кеңеш менен макулдашып, бюджеттик каражаттарды кайтаруунун шарттарын карап чыгуу тапшырылды.

Ага ылайык:

  • өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалга байланыштуу иши токтоп калган ишканаларга бул учурга туура келген төлөмдөрдү капиталдаштырып, жыл аягына чейин пайыздарды эсептебестен жылдыруу;
  • Мындан сырткары өзгөчө абалдан улам ишкердиги начарлаган ишканаларга төлөмдөрдү алты айга жылдыруу жана атайын финансылык санкцияларды салбоо тууралуу сунуштар камтылган.

Өкмөт муну менен акыркы кырдаалга байланыштуу кыйынчылык тарткан ишкерлерге, ишканаларга жеңилдик түзүүнү көздөп жатат. Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо», «Жеткиликтүү турак жай» деген сыяктуу программалардын алкагында жарандарга пайызы төмөн насыялар берилип келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG