Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына быйыл Кыргызстанда согуштун катышуучуларына, майыптарына жана Ленинград блокадачылары менен концлагерь туткундарына 75 миң сомдон бир жолку акчалай жөлөкпул берилет. Бул тууралуу 22-апрелде Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
15 миң сомдон ооруктун ардагерлерине, эмгек армиячыларына жана согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилет.
Министрликтин маалыматына караганда, акча төлөнө баштады. Бул үчүн мамлекеттен 44 миллион 128 миң сом бөлүндү.
Мындан тышкары Кыргызстанда согуш ардагерлерине категориясына жараша ай сайын жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация түрүндө 10 миң, 7 миң, 2 миң, 1 миң сомдон төлөнүп турат.
2020-жылдын 22-апрелине карата маалыматка ылайык, Кыргызстанда 234 ардагер калды. Алардын 59у согуштун майыбы болсо, 143ү катышуучу, 15и бала кезинде концлагерде, геттодо жана башка мажбурлап кармоо жайында туткун болгондор, 17си Ленинград курчоодо калганда ошол жакта иштегендер.
Бир жыл мурда ардагерлердин жалпы саны 356 адам болчу.
1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушка жалпысынан 365 миң кыргызстандык катышып, алардын 114 миңден ашыгы кайтпай калган. (RK)