Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:50

Жарандык биримдик юридикалык онлайн кеңеш берүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.

Күч кызматтары жана милиция кызматкерлери менен жарандардын ортосунда түзүлүп жаткан түрдүү кырдаалга байланыштуу «Реформалар жана натыйжа» жарандык биримдиги онлайн юридикалык кеңеш берүү кызматын сунуш кылды. Аталган биримдик өзгөчө абал учурунда күч кызматкерлеринин ишине байкоо жүргүзүп, баа берүү уланып жатканын маалымдаган.

Өзгөчө абал учурунда күч кызматкерлери менен түшүнбөстүк болгон жарандар 0770090545 («WhatsApp») номери жана legalaid@reforma.kg электрондук дарегине кайрылып, онлайн кеңеш алышса болот.

Өзгөчө абал башталгандан бери милиция кызматкерлери менен жарандардын ортосунда бир нече түшүнбөстүк байкалган. Бишкекте сөгүнгөн кыздын видеосу Интернетке тарап кеткен. Апта башында Бишкекте милиция «өзгөчө абалдын талаптарын бузду» деген жүйө менен айрым жарандардын велосипеддерин алып койгону коомчулукта нааразылык жараткан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган. 25-марттан тартып Бишкек, Жалал-Абад, Нарын, Ош шаарларында, Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG