Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Орусия COVID-19 жуккандар боюнча Ирандан ашып, сегизинчи орунга чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда соңку бир суткада коронавирус 6400дөн ашык адамдан чыкты, ошентип ооругандардын саны 93,5 миңге жетти. Мындай көрcөткүч менен Орусия Ирандан ашып өтүп, дүйнөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын саны боюнча сегизинчи орунга чыкты.

Акыркы бир күндүн аралыгында бул өлкөдө илдет 72 адамдын өмүрүн алды, эпидемиядан бери 860тан ашык адам көз жумду.

Дүйнө жүзүндө коронавирус үч миллиондон ашык адамдан аныкталды. Оорудан 200 миңден көп киши каза болду.

Илдет жугузуп алган жана каза болгон адамдардын саны боюнча дүйнөдө АКШ биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда COVID-19 менен ооругандар бир миллионго жетти жана 56 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG