Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Коронавирус: 14 адам жаңы катталды, 13 бейтап айыгып чыкты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алардын алтоо Бишкек шаарында, ал эми Чүй, Баткен облустарында бирден, Ош, Нарын жана Ысык-Көл облустарында экиден адам.

Бир суткада 13 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 11-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1016 адамдын анализинен табылды, алардын 12си кайтыш болду. Айыгып чыккандар - 688 адам.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Айрым мекеме-ишканаларга акырындап уруксат бериле баштады. Жеке автотранспорт менен жүрүүгө уруксат бар, коомдук транспорт иштей элек. (RK)

XS
SM
MD
LG