Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

АКШнын мамкатчысы Ооганстандагы төрөтканага кол салууну айыптады


Төрөтканадагы кол салууда мерт болгон 16 адамдын арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай да бар.
Төрөтканадагы кол салууда мерт болгон 16 адамдын арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай да бар.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстандагы соңку кол салууларды кескин айыптаган билдирүү таратты.

Анда төрөтканага коюлган чабуулду «эне-баланы ырайымсыз өлтүрүү» деп атаган. Кол салуулар мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Рамазан айында, коронавирус пандемиясы күчөп турган кезде жасалганын белгилеген.

«Бейкүнөө адамдарга кол салуу кечирилбейт. Бирок төрөт үйүндө ымыркайлар менен алардын энелерине кол салуу - бул жырткычтык», - деп жазылат Помпеонун билдирүүсүндө.

Помпео Ооганстандагы террор коркунучуна каршы бирдиктүү фронт түзүү зарылчылыгы келип чыкканын белгилеген.

Кабулдун шииттер байырлаган бөлүгүндө 12-майда «Чек арасыз дарыгерлер» кайрымдуулук уюмуна караштуу төрөт үйүнө куралдуу үч киши кол салган. Кандуу окуяда 16 адам мерт болгон, алардын арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай да бар экени маалымдалган. Ооган коопсуздук күчтөрү кол салгандардын баары жок кылынганын билдирген.

Анын алдында өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясында тажия өтүп жаткан жерде жанкечтинин чабуулунан бери дегенде 24 адам өлүп, 70ке чукул киши жарадар болгон. Бул чабуулду «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганын мойнуна алган.

Ага чейин ооган чалгын кызматы аталган уюмдун аймактагы башчысы шейх Абу Омар Ал-Хорасани деген ат менен таанымал Зия-ул-Хакты колго түшүргөнүн билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Жозеп Боррел жана «Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму да соңку чабуулдарды кескин айыпташкан.

XS
SM
MD
LG