Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:11

Ооганстанда дагы бир кол салуу болду


Гардез шаарындагы жардыруудан кийин. Оогансан, 14-май, 2020-жыл.
Гардез шаарындагы жардыруудан кийин. Оогансан, 14-май, 2020-жыл.

Ооганстандын Пактия провинциясындагы Гардез шаарында аскердик соттун жанында дүрмөттөлгөн оор машине жарылганда кеминде беш киши өлдү. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Тарик Ариандын айтымында, дагы ондогон карапайым киши жарадар болду. Тарик Ариан жардыруу үчүн талибдер менен байланыштагы «Хаккани» түйүнүн айыптаган.

«Талибандын» расмий өкүлү Забихулла Мужахид кол салууну кыймылдын согушкерлери уюштурушканын билдирди.

Эки күн мурун куралчан адамдар Кабулдагы төрөтканага чабуул койгондо 24 киши, арасында жаңы төрөлгөн эки ымыркай каза тапкан. Нангархар провинциясында ошол эле күнү полиция кызматкеринин тажыясы өтүп жатканда «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмунун жоочусу өзүн өзү жардырып жибергенде 32 киши өлгөн.

«Талибан» ал эки окуяга тиешеси жок экенин билдирип жатат. Бирок мусулмандар үчүн ыйык Орозо айына карабай жана коронавирус пандемиясы күчөп жаткан маалда талиб согушкерлери зордукчул аракеттерин көбөйтүштү.

XS
SM
MD
LG