Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 11:02

Өкмөт Жанарбек Акаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Кыргызстандагы көбүрөөк таанымал жана негизги интернет-провайдерлер.

Өкмөттүн басма сөз кызматы депутат Жанарбек Акаевдин 20-майдагы билдирүүсү тууралуу «Азаттыкка» маалымат берди.

Анда «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп айтылат.

«Биз иликтөө жүрүп жатканынан кабардарбыз. Өкмөт тергөөнүн жүрүшүнө комментарий бере албайт. Ага укугу жок. Бул тергөөгө басым катары бааланышы ыктымал. Зарыл болгон учурда өкмөттүн башчысы жана өкүлдөрү тергөөнүн алкагында иштин калыс жана ар тараптуу иликтениши үчүн түшүндүрмө берүүгө даяр», деп билдирген өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ошол эле учурда маалыматта «Бул ишке шектүүлөрдүн арасында өкмөт аппаратынын жетекчиси Самат Кылжыев барбы же жокпу?» деген суроого так жооп берилген жок.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Акаев байланыш тармагындагы мыйзам бузууга шектүү катары төрт киши камакта экенин айтып чыккан.

12-майда Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупция үчүн шектүү катары кармалган.

Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган. Укук коргоо органдары Черногубованын кармалышы тууралуу эки күндөн кийин маалымат берген. Калган шектүүлөр тууралуу азырынча маалымат бере элек. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (10)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG