Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Тажикстанда кенде иштеген кытайлык жарандар чуу чыгарышты


Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышканын айтышты.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышканын айтышты.

Тажикстанда күч органдары Хужант шаарынан 90 чакырым алыста жайгашкан Зарнисор айылында «Тажик-кытай тоо-кен компаниясы» ишканасындагы жумушчулардын тополоңун басышты.

Бейшембиде кечке жуук бул компанияда иштеген 60тай кытайлык жаран союл жана таш менен куралданып алып башкы кеңсеге барган. Алар айлык акы берилбей жатканына нааразы болушкан. Ошондой эле мекенине кайтууга көмөктөшүүнү талап кылышкан. Ишкананын жетекчилери жагдайды тынч сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылышкан, бирок ага жумушчулар ага көнгөн эмес.

Нааразы болгон жумушчулар имараттардын терезелерин, бир канча автоунааны талкалап салышкан. Жагдай милициянын атайын даярдыктагы аскерлери баргандан кийин гана жөнгө салынган. Согди облустук ички иштер башкармалыгы тополоңдо эч ким жабыркабаганын, эскертүү иретинде асманга ок атылганын билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кытайлык жумушчулар мындан бир ай мурун да митингге чыгышканын айтышты.

«Тажик-кытай тоо-кен компаниясы» ишканасы 2007-жылы түзүлгөн жана ал цинк, жез, коргошун казат. Уставдык капиталы 30 миллион долларга бааланган.

XS
SM
MD
LG