Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Маматалиев ӨЭУ тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан чыкты


Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

Парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин катарынан чыкканын билдирди.

22-майда укук коргоочулар уюштурган, «Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзамды алардын катышуусуз кабыл алып жатышат» деп аталган видео конференцияда Маматалиев өз кадамын берген сунуштары эске алынбаганы менен түшүндүрдү.

«Ооба, башында мыйзам долбоорун колдогом. Мага бизде гей-парад болбошу үчүн ушундай мыйзам керек экенин айтышкан. Бирок азыр бир катар туура эмес жагдайлар бар экенин көрдүм. Анын үстүнө менин сунуштарым эске алынган жок», - деди Маматалиев.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттык топтун курамында Марлен Маматалиевден тышкары Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Евгения Строкова жана экс-депутат, азыркы вице-премьер-министр Аида Исмаилова бар.

Буга чейин Маматалиев демилгени токтотуу аракети ишке ашпай калганын «Азаттыкка» билдирген.

Талаштуу мыйзам «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталат.

Жогорку Кеңеш аны быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Анда коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турушарын айтып жатышат.

Бир катар укук коргоочулар мыйзам долбоор дискриминацияга жол берет деген негизде аны артка чакыртып алууга депутаттарды үндөп чыгышты. (NT)

XS
SM
MD
LG