Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Коронавирус: Бир суткада эки бейтап каза болду, оору дагы 30 адамдан табылды (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 30 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 25-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын тогузу Бишкек шаарында, бешөө Нарын облусунда, үчөө Ош шаарында, экөө Жалал-Абад облусунда.

Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам.

Мындан тышкары, Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан кайтып келгендердин арасынан коронавирус сегиз адамдан табылды.

Бир суткада коронавирус жуккан эки бейтап каза болду. Бири - Бишкектеги Инфекциялык ооруканада - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев (70 жашта). Экинчиси - Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасында - 67 жаштагы эркек бейтап.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 12 бейтап айыгып чыкты.

Жалпысынан 25-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1433 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 992 бейтап айыгып кетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилген. Бул эреже 11-майда токтоду, бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG