27-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.