Чукоткада «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыктап, андагы экипаждын төрт мүчөсү тең мерт болду.
Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттигине атын ачык атагысы келбеген аймактагы өкмөт өкүлү билдирди. Ага ылайык, тик учак техникалык кароодон өтүп жаткан маалда кырсыктаган жана жерге катуу конгондон кийин күйүп кеткен.
Орусиянын Коргоо министрлиги аскердик тик учак кырсыктаганын ырастады жана бул окуя окутуу-машыгуу маалында болгонун билдирди.
Подмосковьеде 20-майда «Ми-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыктаган, анын ичиндеги үч аскер кызматкери каза болгон. Аварияга тик учактагы техникалык мүчүлүштүк себеп болушу мүмкүн экени айтылган.