Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

Адил Турдукулов: депутаттар Момбеков, Карамушкина КСДПдан чыкты


КСДПнын желеги.
КСДПнын желеги.

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина жана жарандык активист Адил Турдукулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Адил Турдукулов билдирди.

Аты аталган депутаттар бул боюнча комментарий бере элек.

Адил Турдукуловдун маалыматына караганда, 26-майда партиянын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, анда ушул тапта камакта жаткан экс-депутат Мээрбек Мискенбаев да партиянын катарынан чыкканы белгилүү болгон.

«Партиянын, өзгөчө саясий кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда чечилгис карама-каршы ойлор түптөлүп калыптыр. Ошондуктан партиянын ичинде бир пикирге келүү оор, керек болсо мүмкүн эместей сезилди. Ошондуктан мен партиядан чыгууну чечтим. Менин пикиримде жаңы партия түзүүнүн кажети жок болчу. Тескерисинче, тарыхы бар партияны күчтөндүрүүгө аракет кылыш керек эле», - деди Турдукулов.

Өткөн аптада Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПда ич ара ажырым пайда болгону ачыкка чыгып, Атамбаевдин уулдары Сейитбек жана Кадыр Атамбаев «Кыргызстан социал-демократтары» партиясы менен саясий иш жүргүзүп жатканы белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина аталган партия жаңы түзүлүп каттоодон өткөнүн, мындан ары ал партиянын бардык иш-чараларына Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранова катышпай турганын билдирген. Карамушкина муну жогоруда аты аталгандар Атамбаевди колдобой калышканы менен түшүндүргөн.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева бул маселелер боюнча партиянын саясий кеңешинин жыйынынан соң түшүндүрмө берилерин айткан.

Турдукулов саясий кеңештин жыйынында Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу окулганын айтып, мурдагы президент «кыйын учурда партия биримдикте болсо болмок» дегенин кошумчалады.

КСДПнын мурдагы лидери Алмазбек Атамбаев 2019-жылдын август айында Кой-Таш окуясында камакка алынып, оор кылмыштар үчүн айыпталып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушундагы лидер партия болуп саналган КСДП мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы саясий тиреш учурунда да экиге бөлүнгөн.

2018-жылы түзүлгөн «Атамбаевсиз КСДП» саясий кыймылынын жетекчиси, КСДПнын мурдагы мүчөсү Сагынбек Абдрахмановду Юстиция министрлиги 2019-жылы КСДПнын лидери катары каттап, партиянын дарегин өзгөрткөн.

Ал эми Атамбаевди жактаган тарапты депутат Асел Кодураңова убактылуу жетектеп калган. (BTo)

XS
SM
MD
LG