Линктер

шейшемби, 16-июль, 2019 Бишкек убактысы 21:18

КСДПнын талашы шаардык сотко жетти


Алмазбек Атамбаев жана Сагынбек Абдрахманов.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) каттоого байланышкан талаш Бишкек шаардык сотуна жетти. Экс-президент Алмазбек Атамбаев тараптагы партиянын катчылыгы райондук соттун аныктамасына каршы доо арыз берди.

Өткөн аптада Биринчи май райондук соту Юстиция министрлигине партиянын каттоо документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салып, андай укук КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берилгенин кабарлаган. Бул талаш тиешелүү мыйзамдарда боштук бар экенин көрсөттү.

Эки жаатка бөлүнгөндөрдүн жүйөсү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган, депутат Асел Кодуранова убактылуу төрайымдык кылып жаткан КСДП доо арызында Биринчи май райондук сотунун аныктамасын жокко чыгарууну сурады. Бул тараптын саясий кеңешинин мүчөсү, партиянын юристи Нурбек Касымбеков арыздын жөнүн мындайча түшүндүрдү:

Нурбек Касымбеков.
Нурбек Касымбеков.

«Биринчи май райондук соту «мыйзамдуу жетекчиси Абдрахмановдон башка киши партияны каттоо тууралуу кайрылышына тыюу салынсын» деп туура эмес аныктама чыгарды. Сот талаш боюнча ишти өндүрүшкө ала элек жатып эле ошентип жазып салып жатпайбы! Ошондуктан биз Бишкек шаардык сотуна даттандык. Шаардык сотто талашты чечүү маселеси каралбайт, ишти камсыздоо чараларындагы райондук сот берген аныктаманын туура же туура эместиги каралат. Дагы бир белгилеп коеюн, райондук соттуку чечим эмес, аныктама. Аны Абдрахманов «чечим» деп атап, журналисттерди, коомчулукту адаштырып жатат. Талаш маселе али карала элек».

Маалым болгондой, Сагынбек Абдрахманов башында турган КСДП 6-июнда сотко кайрылган. Арызда экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери жетектеген КСДПнын 6-апрелдеги он сегизинчи курултайын жана саясий кеңештин 25-майдагы жыйынын «жараксыз» деп табууну өтүнгөн. Абдрахманов муну менен бирге Атамбаев тараптан партиянын документтерин, мөөрүн алып берүүнү суранган.

Бишкек шаардык соту.
Бишкек шаардык соту.

​Биринчи май райондук сотунун судьясы Кундуз Исаева 11-июнда ишти камсыздоо чараларын карап, Юстиция министрлигине КСДПнын каттоо документтерине өзгөртүү киргизүүгө тыюу салып, андай укукту КСДПнын жаңы лидери Сагынбек Абдрахмановго гана берген аныктама чыгарган. Анда Абдрахманов 2019-жылдын 3-апрелинде КСДПнын XVIII курултайынын негизинде мыйзамдуу төрага болуп шайланганы айтылат. Ал эми Алмазбек Атамбаев баштаган, 6-апрелде өткөн курултай мыйзамсыз деп табылганы кабарланган.

Ошентип, Атамбаев тарап аныктама боюнча арыз бергени үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19-июнга белгиленген соттук жараян болбой калды. Эми аныктама маселесин Бишкек шаардык соту карагандан кийин гана райондук сот кайра талашты карамакчы.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Исабек кызы доо арыз аларга түшкөнүн ырастады:

«Ал иш бизге келиптир, жарандык иш экен. Апелляциялык арызды КСДПнын экинчи тарабы бериптир. Иш учурда изилдөөдө турат. Ушул аптанын аягында ишти кароонун датасы аныкталат».

Сагынбек Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Абдрахманов райондук соттон да утуп чыгарын билдирүүдө:

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

«Журналисттер биздин курултайды, делегаттарды «жасалма» деп ишенбей жатышат, атамбаевчилер бизди «фейк» деп жатышат. Бирок биз утуп чыгабыз, чындык биз жакта. Биз бүт Кыргызстан боюнча жыйыныбызды өткөрүп, анан партияны каттаттык да. Мен 20 жылдан бери ушул партияда жүрсөм, анын ысык-суугуна күйүп, партиянын мүчөсү катары Акаевдин бийлигинен куугунтук жеп, Бакиевдин убагында түрмөдө олтуруп чыксам, анан мен кантип партияны тартып алмак элем? Мен партияда 20 жыл мүчө болсом, менин да укугум барбы же жокпу? Мен деген жөнөкөй эле партия мүчөсү болсом, экс-президент, олигарх Атамбаевден кантип тартып алмак элем? Биз партияны мыйзамдуу гана алдык».

Ал эми мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим катары баалап, юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. Башкы прокуратура министрликтин кызматкерлерине иш козгогон болчу.

«Башка партиялар да КСДПнын тагдырын кайталашы мүмкүн»

Бул ортодо Атамбаев экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам кабыл алынгандан кийин өзү баштаган КСДПнын лидерлигин депутат Асел Кодурановага өткөрүп берген. Бирок алар партиянын башка кишиге жаздырылышын логикага да, мыйзамга да сыйбайт деп келатышат.

Юрист Нурбек Касымбеков кайра кепке кошулду.

«Атамбаев негиздеген партияны Сагынбек Абдрахманов бир кагазды көтөрүп барып алып койду. Бул мыйзамга да жатпаган, моралдык жактан да абсурд. Мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Юстиция министрлиги каттап берген күбөлүгү, жобосу жана мөөрү бизде. Ал эми министрлик ага карабай башка кишинин жетекчи кылып каттап салды. Мыйзам боюнча кимдин колунда күбөлүк болсо ал юридикалык жак деп саналат. Бирок «укук бул жакта» деп баштай турган мекеменин ушундай аракети акылга сыйбайт. Болбосо мисалы мен бир жыйын өткөрүп, эч кандай мөөрү жок эле өзүм кол коюп алып барсам, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин ордуна жазып коё береби? Же сиз бир кагаз көтөрүп барсаңыз «Республика – Ата Журттун» төрагасы кылып коё беришеби? «Эмнеге мындай болду?» десек: «Мыйзамда ушундай кемчилик бар экен» дешти. Мыйзамды ошолор оңдош керек да. Бул нонсенс, хаос», - дейт ал.

Шайлоо жана парламентаризм боюнча адистер да мыйзамда жогоруда кеп болгон жагдайга жол берчү боштуктар бар экенин белгилешет. Алар бул жагдай жалаң эле КСДПга эмес, башка партияларга да туш келип калышын да жокко чыгарышпайт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Зайнидин Курманов бул тууралуу оюн айтып жатып тарыхый жагдайларды эске сала кетти:

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

«Кимиси туура, кимиси туура эмес дегенди баалабай белгилей турган болсом - мен бул процесстен бийлик үчүн күрөштү көрүп жатам. Мында Абдрахманов жеңип баратат. Берки тарап чатак салат, соттошот, бирок баары бир жеңилип калды окшойт. Бирок мындай талаштар дүйнөдө толтура болгон. Партиялык системанын курулушуна 200 жыл болду, буга окшогон чатактар көп болгон. Мисалы Кыргызстанда эле кезинде «Эркин Кыргызстан» партиясы бөлүнүп, бири Турсунбай Бакир уулу жетектеген «Эрк» партиясы, экинчиси Өмүрбек Текебаев жетектеген «Ата Мекен» партиясы болуп калган. КСДПнын жагдайында кадимки эле мүлк талаш сыяктуу талаш жүрүп жатат. Башка партиялардын ичинде талаш чыккыча жүрө беришет, бирок бир күнү партиянын ичиндегилер тирешип калса куду ушул КСДП сыяктуу эле тагдырга туш болушу ыктымал».

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да КСДПдагы кризис мыйзамдын кемчиликтерин ачык көргөзгөнүн, аны оңдош үчүн кайсы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек экенин чечмеледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Ооба, мындай маселе мурда болгон эмес. КСДПнын тегерегиндеги жагдай жаңыдан чыгып жатат, бирок кызыктай, жакшы эмес абалга алып келди. Эгер мыйзамга жаза турган болсок, анда кандай болот? Бир партиянын саясий кеңеши бар, экинчисиники саясий бюросу бар, үчүнчүсүнүкү курултай, төртүнчүсүнүкү конференция деп аталат. Бир жерге алып келиш кыйын болот да. Бирок эки мыйзамга толуктоо киргизүү зарылдыгы чыгып жатат. Биринчиден, «Саясий партиялар жөнүндөгү» мыйзамга, экинчиден, мамлекеттик каттоо эрежелерин бекиткен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек болот. Азыр шайлоо мыйзамдары талкууланып жатпайбы, балким ошол жерде да карап көрүш керек. Менимче ушундай жагдайга жол бербөөнү дагы бир сыйра ойлонуп чыгышыбыз керек».

Кантсе да соңку талаш-тартыштардын фонунда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын эки жааты тең келерки жылкы шайлоого өз алдынча катышарын байма-бай билдирип жатышат. Бирок кимиси ушул аталыш менен катышарын сот чечиши мүмкүн. Ошол эле кезде адистер сот узарып кетсе эки тарап тең шайлоого бара албай каларын эскертишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG