Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Премьер Абылгазиев эмгек өргүүсүнө чыгышынын себебин жыштык иши менен түшүндүрдү


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Анын басма сөз катчысы бул тууралуу 27-майда маалымат таратып, мунун себебин радиожыштык маселеси боюнча тергөөнүн калыс өтүшүнө өбөлгө түзүү аракети менен түшүндүрдү.

Маалыматта Абылгазиев вице-премьер-министрлер менен жыйын өткөргөнү, өкмөт ар дайым таза жана ачык иштөөгө умтулары, бирок Жогорку Кеңеште радиожыштык ишине анын тиешеси жок экенин далилдеш керек экендиги тууралуу сөз болгонун айтканы белгиленди.

Маалыматта Абылгазиевдин: «Дагы бир жолу билдирем, иликтенип жаткан ишке эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырууга жол берилбеши керек деп эсептейм. Тартип коргоо органдары иликтөөнүн объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылышы зарыл. Бирок тергөөгө кандайдыр бир басым болушу ыктымал деген дооматтарга жол бербөө жана анын калыс өтүшү үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алганым туура болот деп эсептейм», деп айтканы келтирилген.

Абылгазиев канчасына чейин эс алууда болору айтылган жок.

Болгону, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өргүү учурунда өкмөттүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштешин камсыз кылууну тапшырганы маалымдалды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болду. Лицензия радио жыштыкты пайдаланууга берилген.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Ал «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга катышы жок экенин далилдесин жана алешемдиктер үчүн жооп берсин, укук коргоо органдары тез арада буга анын катышы барбы же жокпу, иликтеши керек» деген талап койгон.

Кийинчерээк өкмөттүк аппарат депутаттын суроосуна жооп берип, «премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш тармагындагы мыйзам бузууга катышы болушу мүмкүн экендиги тууралуу депутаттын сөзүнө эч кандай негиз жок» деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG