Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти


Жалал-Абад шаары.
Жалал-Абад шаары.

Жалал-Абад шаарынын тургуну, 43 жаштагы Сапар Аканов алты жеринен жараат алып, облустук клиникалык ооруканада жатат. Бул тууралуу оорукананын сынык-жараат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Тайланов билдирди. Абалы орточо деп бааланууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, окуяга байланыштуу Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя 26-майдын түнүндө шаардын Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында тергөөгө тапшырма берилип, ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө.

Сапар Аканов - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.

Былтыр май айында Сапар Аканов менен бирге жүргөндөрдүн бирин кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыш тобуна кирген сузактык «Чач» жана каракөлдүк «Жон» аттуу каймана аты бар адамдар сабап кеткени айтылган. Жабырлануучу ички иштер органынын атайын багыттагы отрядынын мурдагы кызматкери болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG