Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:27

Министрлик: Абалы оорлор арасында үйдө өз алдынча дарыланып келгендер бар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан айрым адамдар өз алдынча дарыланып, абалын оорлотуп алган учурлар катталууда. Бул тууралуу 27-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал оорунун белгилери байкалган учурда сөзсүз ооруканага кайрылыш керек экенин, ар кандай чөптүн кайнатмасын ичип же башкача өзү билгендей дарыланып реанимацияга түшүп калгандар кездешип жатканын, арасында медицина кызматкерлери да бар экенин айтты:

«Каза болгондор боюнча талдоо жүргүзүп, бүгүнкү күндө оор абалда жаткандардын таржымалын карап чыксак, үйгө жатып, өз алдынча дарылануу фактылары да кездешип жатат. Мындай мамиле оорунун күчөшүнө, жаман жагына бурулушка алып келүүдө».

Жалпысынан 27-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1520 адамдан табылды, алардын ичинен 16 бейтап кайтыш болду, 1043 бейтап айыгып кетти, 461и ооруканада жатат, алардын төртөөнүн абалы оор деп бааланууда.

1520 адамдын 299у медицина кызматкери. Бул вирустан каза болгон 16 адамдын бирөө Бишкектеги бейтапкананын жетекчиси болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG