Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Парламент президенттин «ун мыйзамына» каршы пикирин колдоду


Мамлекеттик материалдык резерв фондунун уну. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 27-майдагы жалпы жыйынында Кыргызстанга буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзам долбоорун президенттин каршы пикиринен кийин кайра четке какты. «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке карата президенттин каршы пикирин экономика министринин орун басары Бекболот Алиев окуп берди:

«2016-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде импорттолгон данды жана унду жеткирүүнү кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу жеңилдиктер каралган болчу. Бирок Казакстан Республикасы Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясына кайрылган жана ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан жогорудагы жеңилдиктер тоскоолдук деп табылган. Буга байланыштуу бул жеңилдиктер жокко чыгарылган. Аталган мыйзам боюнча күтүлгөн пайдага карабастан жогорудагы мыйзамдын күчүнө кириши ЕАЭБдин алкагында буга чейин жокко чыгарылган тоскоолдукту биз тараптан кайталап киргизүү болуп саналат. Ошондой эле тобокелдиктерди алып келиши мүмкүн».

Парламент буудайды ташып келүүгө жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгын алып таштоо боюнча мыйзамды 15-апрелде карап дароо үч окууда кабыл алган. Документтин автору, депутат Экмат Байбакпаев мыйзам ата мекендик дан өндүрүүчүлөрдү колдоп, ун аткезчилигин токтото турганын айткан.

Мыйзамдын маалыматтык негиздемесинде 2017-2019-жылдары буудайды импорттоо 80% азайып, Кыргызстанда ун өндүрүү 70% кемигени, ошол эле мезгилде өлкөгө эсеби алынбай, салык төлөнбөй келип жаткан ун көбөйүп жатканы жазылган.

Кыргызстанда 2015-жылы октябрь айында да буудай ташууга жана ун өндүрүүгө кошумча нарк салыгы алынып, бирок 2017-жылы кайра кошумча нарк салыгы киргизилген. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG