Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Комитет чек ара маселесин жабык карап жатат


Чечмедеги чек ара чыры боюнча кыргыз жана өзбек делегацияларынын жолугушуусу. 1-июнь, 2020-жыл.
Чечмедеги чек ара чыры боюнча кыргыз жана өзбек делегацияларынын жолугушуусу. 1-июнь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2-июндагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасындагы абалды талкуулоого киришти. Жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдун маселени жабык кароо тууралуу сунушу колдоо тапты.

Комитет жыйынына премьер-министрдин министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов чакырылып, Баткенде сапарда болгондуктан келген эмес.

31-майда Баткенде, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде чыккан чуудан Кыргызстандын 25 тургуну жабыркаган. Учурда алардын төртөө ооруканада жатат. Чыр Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыкканы айтылган.

1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушкан.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөтү чек арадагы соңку окуяны биргелешип иликтөөнү жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG