Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:31

Мирзиёев чек ара чатагы чыккан Фергана облусуна барат


Өзбек премьери жетектеген делегация Сохто. 1-июнь, 2020-жыл.
Өзбек премьери жетектеген делегация Сохто. 1-июнь, 2020-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аптанын аягына чейин Фергана аймагына барганы жатат. Өзбек премьер-министри Абдулла Арипов бул жөнүндө 1-июнда Фергана облусунун курамына кирген Сох эксклавынын жашоочулары менен жолугушууда айтты.

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан келип чыккан чырдан улам Арипов 1-июнь күнү Баткен облусундагы «Чечме» өткөрмө пунктунда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен кездешкен. Чатакта эки тараптан ондогон киши жабыркаган.

Арипов Кыргызстандын өкүлдөрүнө талашка түшкөн булактын айланасында эс алуу паркын ачууну сунуш кылганын айтты. Премьер ошондой эле ооруканада жаткан жарадар кишилердин абалы менен таанышты. Сох районунун администрациясы 187 жергиликтүү тургун жарадар болгонун, 15и облустук ооруканага тик учактар менен алынып кеткенин билдирген.

Кыргызстан 25 жараны жабыркаганын маалымдаган.

Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулашты.

XS
SM
MD
LG