Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:35

Беларус өкмөтү кызматтан кетти


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Өкмөттү кызматтан кетирүү тууралуу буйрукка президент Александр Лукашенко кол койгонун мамлекеттик «Беларус 1» телеканалы маалымдады.

3-июнда Лукашенко кеңешме өткөрүп, жаңы өкмөттүн курамына сунуштарды караган. Өкмөттү кайрадан куроо планын беларус президенти 25-майда жарыялаган.

Азыркы өкмөт премьер-министр Сергей Румастын жетекчилигинде 2018-жылы 18-августтан бери иштеп келе жаткан. Ага чейин Лукашенко Андрей Кобяковдун өкмөтүн «чарбачыл эмес» деген негиз менен кызматтан кетирген.

Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Лукашенко алтынчы жолу шайлоого катышууда.

Оппозиция талапкер чыгарбаганы менен шайлоо алдындагы өнөктүк учурунда массалык нааразылык акцияларын уюштуруп жатат. Мындай митингдер Минскиден тышкары дагы бир канча шаарларда жүздөгөн адамдардын катышуусунда өттү. Лукашенко шайлоо алдында «майданга» жол берилбей турганын эскерткен.

XS
SM
MD
LG