Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 17:40

Строкова ӨЭУ тууралуу мыйзам долбоорун тез арада кабыл алууну сунуш кылды (видео)


ӨЭУ тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессиясында КСДП фракциясынын депутаты Евгения Строкова өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоорун тез арада карап, эки-үч окууда кабыл алып берүүгө чакырды:

«Жарандык коомдун өкүлдөрү кайрылып жатышат. Алар коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү мыйзам эмне үчүн парламентте каралбай жатканына кызыгышууда. Туура айтышат, биз ал мыйзамды тезинен, керек болсо эки-үч окуудан кабыл алып беришибиз керек».

Евгения Строкова талаштуу мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттык топтун курамында. Андан тышкары бул топко депутаттар Бактыбек Райымкулов, Умбеталы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев жана экс-депутат, азыркы вице-премьер-министр Аида Исмаилова кирген. Өткөн аптада «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Марлен Маматалиев "берген сунуштарым эске алынган жок, демилгени токтотуу тууралуу аракетим ишке ашпай калды" деген негизде демилгечилердин катарынан чыккан.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» деп аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 4-мартта биринчи окууда кабыл алган. Анда коммерциялык эмес уюмдар Юстиция министрлигине каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны жана алардын эмгек акысы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилет. Ал маалыматтар министрликтин сайтына ачык жарыяланат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Мамлекеттик салык кызматына, Соцфондго жана Улуттук статистика комитетине отчёт берип турарын билдиришүүдө.

Бир катар укук коргоочулар мыйзам долбоору дискриминацияга жол ачат деген жүйө менен аны артка чакыртып алууга депутаттарды үндөп жатышат. Ошол эле учурда социалдык тармактарда бул мыйзамды жактагандар да бар.

Өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ишин көзөмөлдөөгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик талкуу Бишкекте 22-майда өткөн.

Бир катар укук коргоочулар талкууга катыша албай, парламент имаратынын сыртында акция өткөрүшкөн. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG