Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 20:56

Карабаев: Республикалык кан борборунун иши токтоп калуу коркунучунда


Республикалык кан борборунун жетекчиси Бакыт Карабаевдин айтымында, борбордогу канды тазалоочу, сактоочу каражаттардын жетишсиздигинен улам элди кан менен камсыз кылуу иши токтоп калуу коркунучуна кептелди. Анын айтымында, коронавируска байланыштуу карантин жарыялангандан бери борборго керектүү каражаттар алына элек.

“Бизде донорлор бар, бирок алардын канын куюп, тазалап, керектөөгө даярдоочу каражаттар калбай калды. Коронавирустун экинчи толкуну келсе, биз бейтаптарды кан менен камсыздай албай калабыз. Ошондой эле күнүмдүк кан компоненттери да жок болот".

Карабаевдин айтымында, Республикалык кан борбору 2020-жылдын 1-жарымындагы каржылоосун бюджеттен толук ала албай, кан жана анын компоненттерин сактап, чогулта турган каражаттарды саткан менчик фирмаларга 2,9 миллион сом карыз болуп калган.

Азыр кан борборлорунда кан тобун аныктоочу анализаторлор, канды тамчылатып алуучу системалар, канды чогултуучу пластик чөйчөктөр, даки, бинт да бар. Булардын баарын жыл аягына жеткирүү үчүн жалпы 31 миллион 363 миң сом керек.

Республикалык кан борбору Саламаттык сактоо министрлигине каражат сурап кайрылган, жооп күтүп жатат. Министрлик аталган борбордогу абал боюнча комментарий бере элек.

Кыргызстанда жети кан борбору иштейт. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG