Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

“Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алганы кабарланды


Коронавирус жуктургандарды аныктоочу мобилдик топ. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.
Коронавирус жуктургандарды аныктоочу мобилдик топ. Бишкек. Апрель, 2020-жыл.

Бишкекте “Тез жардам” кызматынын төрт айдоочусу коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу Бишкектеги Ыкчам медицина борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул маалыматты жарым-жартылай ырастады. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коронавирусту аныктоо боюнча иштеп жаткан мобилдик бригадалардын кызматкерлери, айдоочулары бейтаптар менен дайыма байланышта болот.

“Ошондуктан, аларда вирус жуктуруу тобокелдиги жогору. “Тез жардам” машинесинин айдоочулары вирус жуктурса, медициналык кызматкер катары катталат. Алардын кандай шартта, кимден, кайдан жуктуруп алганы иликтөөлөрдө аныкталат”, - деди Жылдыз Айгерчинова.

Бишкектеги “Тез жардам” борборунун жетекчиси Искендер Шаяхметов “Азаттыкка” маалымат берүүдөн баш тартты. Бирок айрым басылмалар Шаяхметовдун “ооруга чалдыккан төрт айдоочу вирусту кайдан жуктурганы белгисиз” деп айтканын жазып чыгышты.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 21 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Жалпысынан 495 медицина кызматкери ооруга чалдыккан. Анын ичинен 367си айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар кайрадан жумушка кайта баштаганы кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG