Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Батукаевдин иши: Атамбаев айыпталып жаткан сот жараяны соңуна чыгып калды


Алмазбек Атамбаев сотто отурат. 2020-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотто отурат. 2020-жыл.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланышкан сот жараянынын18-майдагы отурумунда жарыш сөз уланды. Бул күнү жарыш сөзгө айыпталуучулар, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов менен Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана алардын жактоочулары чыкты.

Соттун 16-июндагы отурумунда мамлекеттик айыптоочу "Батукаев иши" боюнча айыпталып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаевага бардык сыйлыктарынан ажыратып, 15 жылдан, Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжановго, Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиевге 13 жылдан жаза чектөөнү соттон сураган.

Сотко айыптоочу тараптан катышып жаткан прокурор Медер Ыбышевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда "Эртең, 19-июнда соттолуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев жарыш сөзгө чыгышы керек. Андан кийин соттун өкүмү качан чыгаары белгилүү болот».

Башкы соттолуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан.

Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев сот көз каранды, ошондуктан чыга турган өкүм белгилүү эле болуп калды дейт:

«Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте бошотулушуна Алмаз Атамбаевдин катыштыгы бар экени далилденген жок. Тергөө бир гана Шамил Атахановдун көрсөтмөсүнө гана таянып жатат».

Мамлекеттик айыптоочу күнөөлөр толук далилденди деп, айыпталуучу тарап коюлган айыпка жана чектеп жаткан жазаны саясатка байланыштырып жатат.

"Батукаев иши" боюнча айыптуу деп эсептелгендердин ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши өзүнчө каралып жатат. Алардын катарында мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Шамил Атаханов, экс-башкы прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы судья Жапар Эрматов жана дарыгер Ирина Цопова баштаган 13 киши бар. Булардын иши быйыл июнь айында Свердлов райондук сотуна жиберилди. Ал эми УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланган.

Маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. (AiB)

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG