Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:29

Чыңгыз Жумагулов эки берене боюнча акталып, бир берене менен беш жылга камалды


Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 11-апрель. 2019-жыл.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурундагы сурөт. 11-апрель. 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов боюнча 19-июнда өкүм чыгарды.

Судья Адылбек Эсенбаев Жумагуловду Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») менен коюлган айып боюнча актады.

Жазык кодексинин 266-беренеси боюнча («Ээнбаштык») менен күнөлүү деп таап, беш жылга түрмөгө кести.

Ушул эле иш боюнча шек саналган Марсбек Тентиев жана Илияз Айдекеев Жазык кодексинин 43-беренеси («Кылмышка кошо катышуучулардын») жана 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча акталды.

Сот Тентиев менен Айдекеевди Жазык кодексинин 43-беренесинин 1-бөлүгү («Кылмышка кошо катышуучулар»), 138-беренеси («Ден соолукка оор зыян келтирүү») жана 206-беренеси («Автотранспорт каражаттарын айдай качуу») боюнча күнөөлүү деп таап, ар бирин 13 жылдан эркинен ажыратты. 190 эсептик көрсөткүчтө айып салды.

39 жаштагы Жумагулов Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектүү катары былтыр 11-апрелде кармалып, №1 тергөө абагына камалган. Аны менен кошо дагы эки адам кармалган.

Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган. Талдоочулар муну уюшкан кылмыштуу топтордун таасир талашы катары баалашкан.

Бул боюнча соттук иш Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан. 12-июндагы отурумда айыпталуучулар дээрлик суралып бүткөн. (BTo\ErN)

XS
SM
MD
LG