Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Укук коргоочу Камилжан Рузиев облустук соттун чечимине нааразы экенин билдирди


 Камилжан Рузиев
Камилжан Рузиев

19-июнда Ысык-Көл облустук сотунда укук коргоочу Камилжан Рузиевдин бөгөт чарасы каралды. Анда сот Каракол шаардык сотунун Рузиевди үй камагына алуу чечимин эч кайда чыкпоо тил катына алмаштырды. Камилжан Рузиев сот чечимине нааразы экенин билдирди.

Буга чейин Каракол шаардык соту УКМКнын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн адистери кармаган Камилжан Рузиевди эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган. Мындай чечимге макул эместигин билдирген Камилжан Рузиев облустук сотко кайрылган эле.

"Кыргызстандагы мыкты деген жактоочу Чынара Жакупбекова жана Асантур Молдогазиев менин атам айыпталуучу эмес, жөн гана күбө катары кармалгандыгын сотто далидеп берди. Бирок ага карабастан сот атамды "эки жакка чыкпасын" деген чечимди кабыл алып салды. Эми Караколдон же облус аймагынан чыгуу үчүн тергөөчү, сот жана прокурордон уруксат алышы керек. Бул башка сотторго да кайрыла албагандай чечим болду. Соттук реформа дегени менен ал ишке ашкан жок. Атам облустук соттун чечимине макул эмес", - деди Камилжан Рузиевдин уулу Азат Рузиев.

Укук коргоочу жана активист, Ысык-Көл облусундагы «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 57 жаштагы Камилжан Рузиев кармалганын УКМК 30-майда кабарлап, сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Документтерди жасалмалоо» жана «Алдамчылык» беренелеринин негизинде катталганын билдирген.

Ал Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган жана анын ишиндеги Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси алынган.

Камакта отурганда Рузиев күч органдарынын аракетине карата каяша иретинде ачкачылык жарыялаган жана үй камагына чыккандан кийин ден соолугу начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткан.

Рузиевдин маселесин 4-июнда Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко да көтөрүп, УКМКнын пикирин ачык билдирген жарандык активисттерди кармаганы кооптондуруп жатканын айткан. Ал «Рузиевге коюлган «Документ жасалмалоо», «Алдамчылык» деген беренелерге УКМКнын кандай тиешеси бар?»​ деген суроо койгон.

Караколдук укук коргоочу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, ага карата козголгон кылмыш иши жасалма экенине көңүл бурууга чакырды.

XS
SM
MD
LG