Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:17

Аялдар маршынан кийин айыпка жыгылган активисттин арызы сотто каралып жатат


Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.
Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандардын биринин арызы каралып жатат. Активист кыз сотко милиция ага айып салганы мыйзамсыз болгонун айтып кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Евгения Крапивина билдирди.

Анын айтымында, сот жабык өтүп жатат, арыздануучунун тарапкерлери залга киргизилген жок.

Буга чейин райондук милициянын айыппул төлөтүү тууралуу токтому мыйзамсыз экенин айтып, ушул эле сотко алты активист кыз-келин кайрылган. Сот алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан.

Быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG