Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Аялдар маршына чыккан активисттин өтүнүчүн сот четке какты


Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.
Бишкек. 2020-жылдын 8-марты.

Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл жазында аялдар маршына чыгып, милициянын колуна түшкөн активист Гүлмира Токушеванын адвокатынын өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди.

Анын айтымында, милиция “Бузуулар жөнүндө кодекстин” “бийлик өкүлүнүн талабына баш ийбөө” деген беренесинин негизинде түзгөн токтому менен Токушевага 3 миң сом айыппул салган. Жактоочу бул токтомго арызданыш үчүн адегенде ал боюнча сотко кайрылуу мөөнөтүн жаңыртып берүүнү суранган. Себеби токтомдун өзү 26-майда гана колго тийген:

“Токтом 24-мартта кабыл алынган. Милиция аны бизге 28-мартта беребиз деген. Бирок 25-мартта, баарыбызга белгилүү болгондой, өзгөчө абал киргизилип, ала албай калганбыз. 26-майда колго тиер замат райондук сотко кайрылдым. Судья эч негизсиз жана мыйзамсыз менин өтүнүчүмдү четке кагып койду”.

Дүйшөналиев белгилегендей, ушундай эле өтүнүч дагы бир активисттин иши боюнча келтирилген. Аны сот канааттандырган.

Жактоочу бирдей арыз боюнча бир сот органынын эки судьясы эки башка чечим чыгарганына нааразы болуп, Токушевага байланыштуу эми шаардык сотко кайрыларын айтты.

Быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилип, кайра кое берилген.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн.

Буга чейин райондук милициянын айыппул төлөтүү тууралуу токтому мыйзамсыз экенин айтып, ушул эле сотко алты активист кыз-келин кайрылган. Сот алардын өздөрүн күнөөлүү деп тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG