Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окуудан карала баштады.
Депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган бир катар депутаттар кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты. Депутат Дастан Бекешев жалган маалыматтар мамлекеттик телерадиолордон деле берилип келгенин мисал кылып, ал үчүн эч ким жооп бербей келе жатканын айтты. Ал эми депутат Наталья Никитенко бүгүнкү күнү Кыргызстан сөз эркиндиги менен гана сыймыктана аларын айтып, бул мыйзам долбоору менен ал эркиндиктен да ажыратуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.
Депутат Жанар Акаев мыйзамдын авторун Акүйдүн алдында мыйзам долбооруна каршы митингге чыккандарга чыгып, жолугушуусун сурады. Асылбекова мыйзамга каршылар менен жолугушууга даяр экенин айтты.
Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен алты саясий партиянын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.
Жогорку Кеңештин депутаттары июнь айы толугу менен иштесе, июлдан баштап эки айга эс алууга кетет. Быйыл октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.
Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк депутаттар жайкы каникулдан кийин күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп аймактарды кыдырып кетет.
Азыркы депутаттардын көпчүлүгү кайра мандат алууга аракет кылып, шайлоого катыша турган партия, саясий бирикмелерге кошулуп жатканы байкалууда.
Жогорку Кеңештин сайтына илинген күн тартибинин долбооруна көз чаптыра турган болсок, 24-июнда 20 маселе, 25-июнда 37 маселе карала турганы жазылган.
Арасында коомчулукту кызыктыра турган “Саясий партиялар жөнүндө” жана коомдо сынга алынган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорлору бар.