Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин жыйыны уланууда

Жогорку Кеңештин депутаттары кырктан ашык маселени кароо үчүн жыйынга чогулду.

Парламент учурда кырктан ашык маселени карап жатат. Анын ичинде “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууга киргизилди. Бул мыйзам долбоору коомчулукта сөз эркиндигин ооздуктоо аракети катары катуу сынга алынган.

3-окууга “Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүү”, “Террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен табылган акчаларды адалдоого каршы” мыйзамга өзгөртүү киргизүү, бир катар мыйзам актыларын, Кодекстерди өзгөртүү, Кыргызстандын прокуратурасы тууралуу жана башка мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлору киргизилет.

Мындан тышкары Кыргызстан менен Түркиянын, Түштүк Кореянын ортосундагы бир катар келишимдерди ратификациялоо маселесин карайт.

Ошондой эле бир катар мыйзамдарга, актыларга өзгөртүү киргизүү, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана башка мыйзам долбоорлору биринчи жана экинчи окууда каралат.

24-июнда күн тартибине коюлган 24 мыйзам долбоору түшкө чейин эле каралып бүткөнүн парламент депутаты Дастан Бекешев "Твиттердеги" баракчасына жазды.

Жогорку Кеңештин сайтына илинген күн тартибинин долбооруна көз чаптыра турган болсок, 24-июнда 20 маселе, 25-июнда 37 маселе карала турганы жазылган.

Арасында коомчулукту кызыктыра турган “Саясий партиялар жөнүндө” жана коомдо сынга алынган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорлору бар.

Жогорку Кеңештин депутаттары июнь айы толугу менен иштесе, июлдан баштап эки айга эс алууга кетет. Быйыл октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт.

Буга чейинки тажрыйба көрсөткөндөй, көпчүлүк депутаттар жайкы каникулдан кийин күзүндө боло турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп аймактарды кыдырып кетет.

Азыркы депутаттардын көпчүлүгү кайра мандат алууга аракет кылып, шайлоого катыша турган партия, саясий бирикмелерге кошулуп жатканы байкалууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG