Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин жыйыны уланууда

Жогорку Кеңештин депутаттары кырктан ашык маселени кароо үчүн жыйынга чогулду.

Жогорку Кеңештин азыркы VI чакырылышы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен алты саясий партиянын талапкерлеринен турат. Анын беш жылдык мөөнөтү быйыл аяктайт. Кийинки парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева менен Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору 3-окуудан карала баштады.

Депутаттар Дастан Бекешев, Наталья Никитенко баштаган бир катар депутаттар кесиптештерин мыйзам долбоорун колдобоого чакырышты. Депутат Дастан Бекешев жалган маалыматтар мамлекеттик телерадиолордон деле берилип келгенин мисал кылып, ал үчүн эч ким жооп бербей келе жатканын айтты. Ал эми депутат Наталья Никитенко бүгүнкү күнү Кыргызстан сөз эркиндиги менен гана сыймыктана аларын айтып, бул мыйзам долбоору менен ал эркиндиктен да ажыратуу аракети жүрүп жатканын белгиледи.

Депутат Жанар Акаев мыйзамдын авторун Акүйдүн алдында мыйзам долбооруна каршы митингге чыккандарга чыгып, жолугушуусун сурады. Асылбекова мыйзамга каршылар менен жолугушууга даяр экенин айтты.

Депутат Жанар Акаев: Бул мыйзам фейктерди тыя албайт. Бул мыйзам кабыл алынса жалаң оппозициялык маанайдагы баракчаларга каршы иштейт. Бийликти мактаса карабайсыңар. “Мыкты жашап жатабыз” деп жазгандар деле жалган маалымат да. Сын пикир айткандардын IP даректерин издеп, калыс пикирин адамдарды кармайсыңар. Бул өтө жаман өнөкөт. Биз келечекте башка өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүп жазганды токтотушубуз керек. Диктатуралык мамлекеттерге теңелбешибиз керек.

Депутат Мирлан Жээнчороев: “Кукловоддорго” кайрылуу: Кыргызстан 30 жыл мурун демократиянын аралчасына айланган, биздин өлкөгө чоң үмүт артылган. Парламенттик мамлекет болот, экономикасы өзгөрөт, анткени эли эркиндикти сыйлайт деп баа берчү. Бирок ушундай авторитардык өлкөлөрдүн ортосунда туруп, алардын түрү суук көчүрмөсүнө айланып баратабыз. Бул туура эмес мыйзам. Кабыл албаш керек. Бул мыйзам пайдасыз. Демократияга коркунуч алып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG