Депутат Дастан Бекешев: Кесиптештерди мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырам. Эгерде беш жылдан кийин ушул эле колдоп жаткан депутаттар чындык издей баштаса, эмне кылышат? Өзүңөргө ор казып жатасыңар. Тарыхты окуш керек. Ар кандай режимде калп менен кантип күрөшкөнүн окуп көргүлө. Башкача ойлонгондорду жалганчы деген жатасыңар.
Депутат Жанар Акаев: Парламентке “элге шарт түзөбүз, элдин кызыкчылыгын коргойбуз” деп келебиз. Бирок үйдө жаткан элди көчөгө чыгарган жатабыз. Каршы чыгып, пикирин жазган 5 миңден ашык адам фейкпи? Мен фейк эмесмин деп жазып жатыштат. Ошолорду да “Сен кимсиң?” деген болбойт. Биз коомго каршы чыккан нерсеге катуу турушубуз керек. Парламент сынга чыдашыбыз керек. “Фейктердин айынан туугандарым ооруп калды” деген болбойт. Сындан коркосоң, ооруп калсаң саясатка келбешиң керек. Мына, бизди деле бир айдан бери тролдор талкалап жатышат. Сынып калган жокпуз, саясий жолду кулантып жатабыз. Бул пайдасы жок мыйзам. Элдин бийликке нааразылыгын жаратып жатасыңар. Коомду козгодуңар. Азыр бүт региондордон кайрылып жатышат. Фейктер менен күрөшпөй, өкмөттүн антикризистик планын талкууласак болот эле.
Депутат Эльвира Сурабалдиева: 30 жылдан бери беш президентти алмаштырдык. Кошуналарда болсо өзгөрүү жок. Себеби биз демократияга бараткан элбиз. “Коррупция менен күрөшөбүз” дедиңер, ал да болгон жок. Мунун баарын көргөн жаңы муун эмне болуп өсүп жатат: чындык жок, акыйкаттык жок деп жатат. Арманын айта турган акыркы инстанция – Интернет. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери болгон чындыкты Интернетте айтып атышат. Ошондон кийин гана чаралар көрүлүүдө. Эми бул мыйзам кабыл алынса, чындыкты айткандар эмне болот? “Меники туура, калганы фейк” деген туура эмес да.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өттү. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси соңку күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.
Иш-чарага, катышуучулардын айтымында, элүүдөн ашуун адам катышты.
Алар эгер парламентте талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти.
Пикетте "Мен фейк эмесмин!", "Сөз эркиндиги үчүн!", "Бул мыйзам эмес, бул - плагиат!", "Элге каршы депутаттар кетсин!", "Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!", "Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!" деген сөздөрдү айтышты.