Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин жыйыны уланууда

Жогорку Кеңештин депутаттары кырктан ашык маселени кароо үчүн жыйынга чогулду.

Депутат Жанар Акаев: Он жыл мурда эл сөз эркиндигин коргоп Акүйдү алган. Ошол убакта бийлик сөз эркиндигин чектеген эле. Ошол маалда үйүндө жатып алып, чучук жеп, арак ичип отургандар азыр арабызда отурат. Сөз эркиндигине силердин кымындай да салымыңар жок. Эркиндикти эл алып келген. Жөн жаткан элди саботаж кылып жатасыңар. Бул мыйзам иштебейт. "Бийликке жагынабыз, алдыдагы шайлоодо тизмеге илинебиз" деп ушул мыйзам долбоорун колдоп жатасыңар.

Жогорку Кеңештин имаратынын алдында сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өттү. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси соңку күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Иш-чарага, катышуучулардын айтымында, элүүдөн ашуун адам катышты.

Алар эгер парламентте талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти.

Пикетте "Мен фейк эмесмин!", "Сөз эркиндиги үчүн!", "Бул мыйзам эмес, бул - плагиат!", "Элге каршы депутаттар кетсин!", "Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!", "Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!" деген сөздөрдү айтышты.

Депутат Эльвира Сурабалдиева: 30 жылдан бери беш президентти алмаштырдык. Кошуналарда болсо өзгөрүү жок. Себеби биз демократияга бараткан элбиз. “Коррупция менен күрөшөбүз” дедиңер, ал да болгон жок. Мунун баарын көргөн жаңы муун эмне болуп өсүп жатат: чындык жок, акыйкаттык жок деп жатат. Арманын айта турган акыркы инстанция – Интернет. Дарыгерлер, милиция кызматкерлери болгон чындыкты Интернетте айтып атышат. Ошондон кийин гана чаралар көрүлүүдө. Эми бул мыйзам кабыл алынса, чындыкты айткандар эмне болот? “Меники туура, калганы фейк” деген туура эмес да.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG