Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16
Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин жыйыны уланууда

Жогорку Кеңештин депутаттары кырктан ашык маселени кароо үчүн жыйынга чогулду.

Депутат Жанар Акаев: Парламентке “элге шарт түзөбүз, элдин кызыкчылыгын коргойбуз” деп келебиз. Бирок үйдө жаткан элди көчөгө чыгарган жатабыз. Каршы чыгып, пикирин жазган 5 миңден ашык адам фейкпи? Мен фейк эмесмин деп жазып жатыштат. Ошолорду да “Сен кимсиң?” деген болбойт. Биз коомго каршы чыккан нерсеге катуу турушубуз керек. Парламент сынга чыдашыбыз керек. “Фейктердин айынан туугандарым ооруп калды” деген болбойт. Сындан коркосоң, ооруп калсаң саясатка келбешиң керек. Мына, бизди деле бир айдан бери тролдор талкалап жатышат. Сынып калган жокпуз, саясий жолду кулантып жатабыз. Бул пайдасы жок мыйзам. Элдин бийликке нааразылыгын жаратып жатасыңар. Коомду козгодуңар. Азыр бүт региондордон кайрылып жатышат. Фейктер менен күрөшпөй, өкмөттүн антикризистик планын талкууласак болот эле.  

Депутат Дастан Бекешев: Кесиптештерди мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырам. Эгерде беш жылдан кийин ушул эле колдоп жаткан депутаттар чындык издей баштаса, эмне кылышат? Өзүңөргө ор казып жатасыңар. Тарыхты окуш керек. Ар кандай режимде калп менен кантип күрөшкөнүн окуп көргүлө. Башкача ойлонгондорду жалганчы деген жатасыңар.

Депутат Мирлан Жээнчороев: “Кукловоддорго” кайрылуу: Кыргызстан 30 жыл мурун демократиянын аралчасына айланган, биздин өлкөгө чоң үмүт артылган. Парламенттик мамлекет болот, экономикасы өзгөрөт, анткени эли эркиндикти сыйлайт деп баа берчү. Бирок ушундай авторитардык өлкөлөрдүн ортосунда туруп, алардын түрү суук көчүрмөсүнө айланып баратабыз. Бул туура эмес мыйзам. Кабыл албаш керек. Бул мыйзам пайдасыз. Демократияга коркунуч алып келет.

Депутат Жанар Акаев: Бул мыйзам фейктерди тыя албайт. Бул мыйзам кабыл алынса жалаң оппозициялык маанайдагы баракчаларга каршы иштейт. Бийликти мактаса карабайсыңар. “Мыкты жашап жатабыз” деп жазгандар деле жалган маалымат да. Сын пикир айткандардын IP даректерин издеп, калыс пикирин адамдарды кармайсыңар. Бул өтө жаман өнөкөт. Биз келечекте башка өлкөнүн мыйзамдарын көчүрүп жазганды токтотушубуз керек. Диктатуралык мамлекеттерге теңелбешибиз керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG