Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Министрлик: Оорукананын короосунда жан берди деген адам боюнча териштирүү жүргүзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте оорукананын короосунда кайтыш болду деген адам боюнча териштирүү жүргүзөт. Мекеменин маалыматына караганда, кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.

26-июнда Kaktus.media маалымат агенттигинин сайтына жарыяланган кабарга караганда, Бишкек шаарынын тургуну ооруп жаткан инисин төрт күн бою ооруканага жаткыра албай, акыры ал Улуттук госпиталдын пульмонология бөлүмүнүн короосунда жан берген. Кабарга тиркелген видеодон машинанын ичинде каза болгон адамдын сөөгү жатканын көрүүгө болот.

Видеону чөнтөк телефонуна тарткан адам 22-июнда инисинин денеси ысый баштаганын, коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын, ошондон бери 4-ооруканага, андан кийин Улуттук госпиталга жана Чүй облустук ооруканасына жөнөтүп отурушуп, бири да кабыл албай коюшканын айтууда.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул илдет 4 миңден ашуун адамдан табылды, 43 бейтап кайтыш болду. Оору жуккандардын саны улам көбөйүүдө. Абал айрыкча Бишкекте, Ошто, Чүй жана Ош облустарында кооптуу.

Борбор калаанын “Тез жардам” кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, эпидемияга чейин бир суткада 1,2 миңдин тегерегинде кайрылуу түшүп турган болсо, 25-июнда жардам сурагандар 4 миңге чамалады.

Денеси ысыгандар коронавирус жуктуруп алган болушу ыктымал деп шектелүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги денеси ысып, жөтөлүп, бирок анализи коронавирустан таза чыгып жаткандар үчүн кошумча орундарды ачууга мажбур болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG