Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

2019-жылы 62 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылы 62 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 29у кыз, 33ү – эркек. Беш баланын ата-энеси миграцияда болгон.

Ош облусунда 12 жашы жете элек бала өз өмүрүнө кол салган. Ысык-Көл, Чүй, Жалал-Абад облустарынын ар биринде 10дон өспүрүм түрдүү жолдор менен өз жанын кыйган. Бишкекте – 9, Талас облусунда – 4, Баткен облусунда -4, Ош шаарында -2, Нарын облусунда бир бала өз өмүрүнө кол салып, жашоо менен кош айтышкан.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин жарыяланып, мектеп, окуу жай жана башка билим берүүчү уюмдар жабылган.

Балдар дистанттык форматта окуп жаткан март, апрель, май айларында Кыргызстанда он чакты өспүрүм өз жанын кыйганын милиция маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG