Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы жакшы, ал ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу адвокаты Сергей Слесарев 1-июлда Атамбаев менен жолугуп чыккандан кийин оорукананын алдында чогулган тарапкерлерине айтты.
Слесарев Атамбаев тергөө абагына салыштырганда азыр жакшыраак шартта кармалып жатканын белгиледи жана жолугушуу тоскоолдуксуз уюштурулганын «кырдаал кечээки күнгө караганда таптакыр өзгөрүптүр» деди:
«Мен ага дээрлик тоскоолдуксуз өтүп барып жолуктум. Азыр ага медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Дарыгердин айтымында, өпкөсүнүн эки тарабы тең пневмония болуптур. Дарылоого кеминде эки жумадай убакыт кетерин айтышты. Ал өзүн жакшы сезип жатат».
Атамбаев пневмония болгондуктан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан ооруканага которулганын 30-июнда мекеменин басма сөз кызматы кабарлаган.
Адвокат Слесарев аны менен жолугуп, абалын билүүгө уруксат берилбей жатканын айткан жана муну мыйзам бузуу катары мүнөздөгөн.
Атамбаевдин жакындары жана тарапкерлери ага тергөө абагында ооруну атайылап жугузушканын айтып, бул үчүн бийликти күнөөлөшүүдө.
УКМК мындай дооматтарды четке кагып, алар мурдагы президенттин кылмышын жаап-жашыруу максатында коомчулукту «атайын адаштырып, кылмыш ишин саясий өңүткө байлоого аракет кылып жатышат» деген көз карашта.
Атамбаев 2019-жылы Кой-Таштагы окуя боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ага карата козголгон дагы бир иш боюнча жакында өкүм чыгып, ал 11 жыл эки айга эркинен ажыратылды.
Азыр ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасында жатат. (RK)